Арменияда оппозиция лидери премьерликке шайланууда. Анын колдоочулары аянтта жыйынтыкты күтүп жатышат

Еревандын борбордук аянтында миңдеген адамдар премьер-министрди шайлоонун жыйынтыгын күтүп жатат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Маалыматка ылайык, Армения парламенти бүгүн өлкөдөгү эң жогорку, таасирдүү кызмат адамы болгон премьер-министрди шайлап жатат. Учурда аталган кызматка оппозициядан чыккан жалгыз талапкер Никол Пашинян депутаттардын астында сөз сүйлөөдө.

Ал парламенттеги сөзүндө Армения алдыда кандай жол менен кетиши керектигин айтты. "Эгер мен премьерликке шайлансам, Армения ЕАЭБдин курамында калат. Буга чейинки элдик нааразычылыктар Армения-Орусия кызматташтыгына зыянын тийгизбейт. Биз мындан ары Грузия, АКШ жана Евробиримдик менен алаканы жакшыртышыбыз зарыл. Кытай да бизге мыкты өнөктөш болот", - деди Пашинян.

Андан сырткары депутаттарга карата мурунку президенттер тарабынан кысымдар болуп жатканын айтып, аларды эрктүү болууга чакырды.

Пашинян буга чейин элди шайлоо күнү көчөгө чыгып, саясий окуяга көз салып турууга чакырган. Муну ал "бийлик шайлоонун жыйынтыгын бурмалап коюшу мүмкүн" деп түшүндүргөн.

Айта кетсек, 10 жылдык президенттиктен дароо премьер-министрликке шайланган Серж Саргсян элдик нааразычылыктардан улам кызматтан кеткен. Парламентте 58 депутаты менен көпчүлүктү түзгөн Саргсяндын "Республика" партиясы өкмөт башчылыкка талапкер чыгарган жок. Пашинян 105 орундуу парламентте премьерликке шайланыш үчүн кеминде 53 депутаттын колдоосун алышы керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
fantomas
2018-05-01 17:37:19
Ушул армяндар ЕАЭБдин курамынан чыгып ЕС бет алса жакшы болот эле...

ХХХХХХХХХХ
0
Avtandil.
2018-05-01 21:11:05
Америка менен алака жакшыртуунун эн оной жолу - Россия менен мамилени бузуу. Ошондо Америка келип, озунун "сонун" саясатын жургузот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан