Биз социалдык тармакта

Украинанын мурдагы коргоо министри Италиянын коргоо министринин кеңешчиси болду

Украинанын мурдагы коргоо министри Михаил Фёдоров Италиянын коргоо министри Гвидо Крозеттонун коргонуу инновациялары боюнча кеңешчиси болуп дайындалды.

Бул тууралуу Фёдоров Telegram-каналы аркылуу билдирген. Ал Италиянын коргоо министринин жеке колдоосу жана кеңешчи болуу сунушу үчүн ыраазычылык билдирген.

Фёдоров жаңы кызматында Италияга заманбап согуш технологияларын өнүктүрүүгө жана коргонуу тармагын өркүндөтүүгө жардам берерин айтты.

Ал эми Гвидо Крозетто Фёдоровдун мамлекеттик башкаруудагы жана коргонуу тармагындагы санариптик инновациялар боюнча тажрыйбасын жогору баалаган. Анын айтымында, Фёдоров менен дрондор, учкучсуз системалар жана абадан коргонуу багытындагы технологияларды талкуулоо пландалууда.

Ошол эле учурда Италиянын коргоо министри Фёдоровдун кеңешчи катары аткара турган иши үчүн канча гонорар ала турганын ачыктаган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан