Кечээ, 1-майда Бразилиянын Сан-Паулу шаарында 26 кабаттуу үйдөн өрт чыгып, ал өрттөнүп жаткан учурда урап түштү. Чет элдик ЖМКлардын маалыматына караганда, тилсиз жоо 1-майга караган түнү саат 1:30 чамаларында үйдүн бешинчи кабатынан чыккан. Куткаруучулар өрт күчөп кеткенге чейин анда жашаган 250 адамды куткарып калууга жетишсе, үч адам дайынсыз болууда. Ал эми бир тургун балкон аркылуу коңшу имаратка өтүүгө аракет кылып жаткан учурда жерге кулап кетип каза болгону кабарланды.
Айрым маалыматтарга караганда, өрт көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринде жашаган жубайлардын ортосундагы уруштан улам келип чыккан. Аялы күйөөсүн кечки тамак даярдап жатканда түртүп жиберген. Анын кийимдери күйүп жаткан отко тийип, андан кийин тилсиз жоо күчөп кеткен. Өрттү өчүрө албай калышканда керектүү кийимдерин жана документтерин алып сыртка качып кетишкен.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 57 техника жана 160 өрт өчүрүүчү тартылып, өз иштерин аткарып жаткан учурда күйүп жаткан үй күтүүсүздөн урап түшкөн. Учурда куткаруучулар урандыларды тазалоо жана дайынсыз болуп жаткан адамдарды издөө иштерин аткарышууда.