Москвада мас абалында дарыядан сүзүп өтмөкчү болгон Кыргыз жигити куткаруучулар тарабынан куткарылды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, ал жигит дарыядан сүзүп өтөм деп достору менен мелдеше кеткен. "Татарово" издөө-куткаруу станциясынын көзөмөлдөөчүсү эркек кишинин сууда жакшы сүзө албай, чөгүп бара жатканын байкаган.
Ошол замат куткаруучуларга кабар берилип, дарыяны сүзүп өтөм деген жигит куткарылган.
"Ал 1994-жылы туулган Кыргыз жараны экени аныкталды. Мас абалында достору менен мелдешип, сууга түшүп кеткен. Куткарылгандан кийин станцияга жеткирилип, биринчи жардам көрсөтүлгөн. Кийин туугандарына өткөрүп берилген", - деп жазылат маалыматта.