"Чаарат Голд Холдинг Лимитед" компаниясы "Кумтөрдү" сатып алуу үчүн 800 миллион доллар сунуштады

Британиялык "Чаарат Голд Холдинг Лимитед" компаниясы "Кумтөр" кенин сатып алуу үчүн "Центеррага" 800 миллион доллар сунуштады. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 2-майда "Чаарат Голд Холдинг Лимитед" компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасынын кеңешчиси Улукбек Турдубеков кабарлады. Анын айтымында, "Кумтөрдүн" акцияларын сатып алуу үчүн "Центеррага" 800 миллион доллардын 400 миллион доллары акчалай түрүндө берилет.

"Азыр "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун "Центеррадагы" акциялары 26,6 пайыз. Анын баасы 460-470 миллион доллар болот. Ошондо "Кыргызалтын" "Центеррага" 400 миллион долларлык акциясын калтырып "Центеррадан" чыгат. Андан кийин биз менен биригип, түзгөн келишимдин негизинде "Кумтөр" кенинен түшкөн пайданын 50 пайызына ээ болуу мүмкүнчүлүгүн алат. Ал эми калган 50 пайызга "Чаарат Голд Холдинг Лимитед" компаниясы ээлик кылат. Анткени сумманын жарымын биз төлөп жатабыз. Бирок ошол эле учурда биз алган пайдабызды Чаткалдагы "Чаарат" кенибизге жумшайбыз. Биз келишим түзүп калса, ага "алган пайдабызды Чаткалдагы "Чаарат" кенибизге жумшайбыз" деп эле жазабыз. Жыйынтыгында "Кумтөр" кенинен түшкөн пайданын 100 пайызы Кыргыз жеринде калып жатат", - деп түшүндүрдү Турдубеков.

Ал эми Турдубеков "Центерра" британиялык компаниянын сатып алуу сунушуна азырынча расмий жооп бере электигин кошумчалады.

Канадалык ишкана "Кумтөрдөгү" алтынды 1992-жылдан бери казып келет. Учурда 350 тонна алтын казып алса, дагы 150 тоннадан жогору алтын запасы бар. Казуу иштери келишимде 2026-жылга чейин уланары көрсөтүлгөн.

"Центерра" ишканасынын маалыматы боюнча, жалпысынан 1994-2016-жылдар аралыгындагы Кыргыз мамлекетинин аймагындагы төлөмдөр 3 миллиард 202 миллион доллардан ашкан. 2016-жылы 110 миллион 783 миң 49 доллар, 2017-жылдын 6 айында 68 миллион 419 миң 939 долларга жеткен.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
fantomas
2018-05-02 11:05:51
Чет элдиктердин таламын талашкан ушундай жугундукор дейбизби, журт бузган кумалак дейбизби, айтор ушундайлар качан болсо шайтандай болуп элдин байлыгына, ырыскысына коз артканы арткан...

Этика дейбиз, мындайда кыжырланып отуруп эткага да жай калбай калат. Кыжырланбаш учун Мекендин келечегине кайдыгер болуш керек. Андай болуу колдон келбейт...
+2
fantomas
2018-05-02 11:09:06
Адашпасам Кумтор дагы бир трюктарды баштады, мунун артында баягы эле Центерра бар...

Атаны кокуй дунуйо, Сокенин ордуна Сады Жапаров болгондо, Кумтор кени улутташтырылып, каяктагы компаниялар элдин байлыгына коз артмак эмес эле...

Анан калса бул компаниянын Чаткалда кайсы кени бар, колунан алыш керек. Олкодогу бут алтын-кумуш кендери мамлекетке кайтарылышы керек, бугун кимдин колунда болсо да!!!!!!!!
+1
Aidar151080
2018-05-02 12:13:19
fantomas,
Садыр Жапаровыңар 8 млнго деле берип коймок. Мен ага таптакыр ишенбейм.
-4
idin
2018-05-02 22:25:35
Aidar151080,саясатчыларга ишенбеш керек, алар сойкуларда
+2
idin
2018-05-02 22:24:53
fantomas,садыр жапаров мамлекеттик имаратты арзан саткан учун иш козголгондо кумтор деп кыйкырып чыккан. менде фактылардын баары бар дейт, бирок буроону да корсоткон жок. силерге окшогондордун башын айландырган саясий-популист ал авабыз
+2
Belekus
2018-05-02 22:33:24
fantomas,саруунун элин дулбуротуп, канча жаш бала камака алынып тагыдыр бузулду? кантип "патриот" болуп журот анан?
+1
Akshumkar
2018-05-02 11:15:28
Ушунун баарына акаев менен бакиев кунолуу акмактар Кыргыз элимдин тузу кусуру урсун. Силерди эл кечирбейт.
+6
dysha
2018-05-02 22:52:49
Akshumkar,аны ким айтты? бирок эч ким далилдебегенден кийин ошондой эле болуш керек
+1
cubich
2018-05-02 11:49:46
Жакында Кытай мамлекетине караштуу Кыргыз Автономиялуу округу болуп калбасак эле. Ошондо да чондордун курсагы тоет бекен? Болгон Президенттерибиз четинен байып, Кыргызстанды онуктуролу деген бир да ой жок. Коншу мамлекеттерден эмнебиз кем? Казакстандын элдерин уга элекмин сырт жакта жумуш издеп, иштеп жургон Казак элин. А биздин Кыргыздар МАНДИКЕР ЭЛ болуп калдык го.
+6
Aidar151080
2018-05-02 12:10:33
Кумтөрдү бербей туруш керек. Жалпы эл каршы чыксак жакшы болот эле.
Качан коррупция жок болгонго чейин.
Урматтуу ПРЕЗИДЕНТ убактылуу токтото турсаңыз жакшы болот эле.
+2
fantomas
2018-05-02 12:13:54
Aidar151080, сенин урматтуу президентин эшектин тушоосун чечкенге да жарабайт. Чечсе Окмотту жетектеп турганда эле чечип коймок...

Айткамын мен айткамын, Жээнбеков келсе эч нерсе озгорбойт, коррупция гулдой берет деп...

Акчага азгырылсанар ошол да, 1000 сомго намысынарды добушунарды сатып......
+10
Azatbek.Svoboda.
2018-05-02 15:59:21
fantomas,Туура айтканыңа кошулам! Калп эле коррупцияны жок кылам деп жемкорлорду жумуштан бошотуп өзүн жакшы көрсөтүп элди үйрөтүп жатат. Жемкорлору кайтып келет! Эскизи бекеринен ушунун талапкерин көрсөткөн эмес! Анын башы иштейт аны билбей эле эл ии бул жакшы экен анысын укпай койду деп жүрүшөт. Бүт баары даярдалган шоу спектакль актерлор жыйылып алышкан!
+1
idin
2018-05-02 22:26:38
Aidar151080,туура, кумтор ишин токтоткондон кийин биз центерранын акциоенри катары дивиденд алабыз
0
Belekus
2018-05-02 22:35:20
Aidar151080,алтын калбай калганда деле жумуш токтобойт, центерра деген геологияга 20 млн доллар болгон
0
muslim87
2018-05-02 13:00:24
Өзү 800 милионго бааланса анын жарымын кыргыз алтын төлөп анан 50% га ээ болсо ошондо кандай 400 милион төлөп британия 50% га ээ болуп калса жарымын төлөп кыргыздар жарымына ээ болсо, эмне жер ээси жок талаадагы жерби? Алтын кыргызстандыкыбы же британия менен же Сентора менен ортодон алынган жерби? Кыргыздын жери үчүн кыргыздын алтыны үчүн канча пайыз төлөшөт?
+2
Belekus
2018-05-02 22:35:40
muslim87,чаарат офшордук компания!
+2
nazarKGZ
2018-05-02 13:44:32
6жылда соке кыргызстанды беш алды жака болуп бергидей
+5
Modric10
2018-05-02 14:04:01
Голд холдинг чык эшикке.каршыбыз
+4
idin
2018-05-02 22:27:20
центерра макул эмес деп айттыго? бул бийликтегилердин аферасы. чаарат кумторду 800 млн сатып алса, 400 млн бидики болот, бирок Центеррадагы акцияларыбыздын баасы 500 млндан ашат. ойлонуп корсонор?
-2
Belekus
2018-05-02 22:48:27
капитализациясы 80 млн доллар болгон компанияга ишениш жок, оздорунун акцияларынын баасын жогорулатуу боюнча аракет кылып атышат
+1
dysha
2018-05-02 22:50:21
Чаарат кыргызстанда эч нерсе кылган жок, лигласска окшогон аферисттер
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан