Абылгазиев: "Саясий окуялар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү сапатына таасирин тийгизбеши керек"

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу масштабдуу иш-чараларды өткөрүү Ысык-Көл облусунун туристтик потенциалын кеңейтүүдө жана өлкөнүн дүйнөлүк аренадагы кадыр-баркын илгерилетүүдө таасирдүү аянтча болуп кала турганын белгиледи.

"Кыргыз эли нечен кылымдык тарыхы бар, бай жана кайталангыс маданиятка ээ. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары биздин салт-санаабызды, спорттун улуттук түрлөрүн жана өзгөчөлөнгөн маданиятыбызды дүйнө жүзүнө дагы бир жолу даңазалап алуунун кайталангыс мүмкүнчүлүгү", - деди Абылгазиев.

Кеңешменин жүрүшүндө премьер-министрге негизги иш-чаралардын мазмундук бөлүгүнө карата даярдыктардын жүрүшү, инфраструктура, логистика, коопсуздукту камсыздоо боюнча тийиштүү маселелердин чечилиши жана укук тартиби тууралуу маалымат берилди.

Өкмөт башчы республикада бул сыяктуу масштабдуу иш-чараларды өткөрүүдө жетиштүү тажрыйба топтолгонун белгилеп кетти.

"Биздин команда алдыга коюлган милдеттерди чечүүгө, кетирилген кемчиликтерди оңдоого жөндөмдүү. Мамлекеттин саясий турмушундагы окуялар III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү сапатына таасирин тийгизбеши керек. Ар бир мамлекеттик орган, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү оюндарды жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшашы керек. Мындан бүтүндөй өлкөнүн кадыр-баркы көз каранды", - дейт өкмөт башчы.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча премьер-министр кыска мөөнөттө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүүгө тийиштүү бардык маселелерди чечүүнү, бюджеттик жана демөөрчүлүк каражаттардын максаттуу пайдаланылышын камсыздоону тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
toktor89
2018-05-02 11:33:07
айтканга жараша кылгыла саапар исаковко окшобой
-6
fantomas
2018-05-02 12:00:42
toktor89, доорубочу?!! Откоргунор келсе озунордун акчанарга откоргуло, казынадагы элдин акчасына тийбей!!!

Эл каршы Кочмондор оюнун откорууго!!!
+10
barsbegKG
2018-05-02 11:43:02
Акыр аягында кытайга жерибиздин бир бөлүгүн берип карыздан кутулат экенбиз да. Башы жоктор көчмөндөр маданиятын даңазалган жакшы. Кезекти башка өлкөлөргө берсе жакшы болмок!
+8
fantomas
2018-05-02 12:04:51
Бул Окмот башчы да жарытпайт экен, кызматка киришпей жатып оюн-зоок тууралуу ойлонот...

Учурда Кыргызстандын тышкы карызы 4,5 млрд $ болсо, анын тен жарымы Кытайга болгон карызыбыз. Биздин жылдык бюджетибиз болсо 2 млрд $га жетпейт.

Ошондо оюн-зоок куруп ансайын белченерден карызга батып, эртен карызга деп жеринерди карматып кала бересинерби?!!

Бизге бир кундук мактоо керек эмес дуйно элинин, бизге оз топурагыбыз, Мекенибиз керек баарынан да!!!
+6
fantomas
2018-05-02 12:07:34
Бул киши Окмот башчы болуп жарытпайт экен, кана Сокени жактап жаткандар?!!

Сокенин акылы болсо ушундай да Окмот курайбы?!! Сокенин акылы жетик болсо кайсы арына Кочмондор оюнун откорот, карыз бизди алкымдап турганда?!!

20 жыл саясатта журуп элге пайдасы тийбеген Жээнбеков эми пайдасы тиймек беле элге, зыяны эле тийбесе......
+4
fantomas
2018-05-02 12:11:03
Тигине Шадиев олкодон чыгып кетиптир... Кресло берем десен куландан соо боло калышат, кылмыш иши козголсо эле баары олумуш боло калышат оорукчан болуп...

Ошону менен соттук отурумдар Кыргызстанда 5-10 жыл созулуп журо берет... Кытайда миллиардер болсон да карап отурбай окум чыгат аз убакытта, олум жазасына чейин. Бизде болсо тоок, козу, телефон уурдагандар камалат, миллиондорду жегендер эркиндикте журот, Ак уйдон кызмат берилет. Мына сага парадокс.
+5
fantomas
2018-05-02 12:20:20
Эртен Кыргызстан карыздарын толой албай жеринерди Кытайга карматканда ошондо олконун кадыр-баркы олчонот... 2 жолу Кочмондор оюну отуп, ошондо олчонбогон кадыр баркты эми олчошот имиш...

Атамбаев жок жерден, эч иш бутурбой эле кыргыз элинин мойнуна 2-3 млрд доллар карыз илип койду. Эл эми журо берсин, жебеген самсага пул толоп. Ансыз да жокчулуктун, жумушсуздуктун айынан элдин жарымы талаалап тентип журсо, кайсы арынарга оюн-зоок откоросунор?!!
+5
fantomas
2018-05-02 12:24:03
Бул бийликтегилер гезит-журнал окуйбу, сайттарга киреби?!! Элдин пикирин окуп эл менен эсептешишеби?!! Кочмондор оюнуна жумшалчу акча элдин акчасы, эл каршы болуп жатса, кайсы мээси менен элдин акчасын талаага чачканы жатышат бийликтегилер?!!

Кытай эртен карызын доолайт. Бир ТВЕАдан отчет сураганга духу жетпеген Окмот менен Жогорку Кенеш, эртен Кырнызстанды кармата беришет Кытайга. Аны ойлогон эч ким жок азыр Окмотто, жеш керек, уурдаш керек Окмоттогулорго...
+3
nazarKGZ
2018-05-02 12:27:01
Озу Сокеделе иштей албайт 6жылда отурган бийликтегилердин баарын жок кылыш керек 6жылдын ичинде иштебеген адам иштебейт давно Ашаны кармаш керек эле кол тийбестигин алып туруп
+3
jbolotov
2018-05-02 12:54:22
Мамлекет карызга жашап пенсияларды кредиттин эсебинен толоп атканда Кочмондор оюнунун эч кереги жок, Кытай жерди алуу саясатын жургузуп атса оюнду ойлогон жетекчилерди атыш керек!! Арак ичип алып карабай эле кой койгон жетекчинида атууга кетириш керек.
+4
barsbegKG
2018-05-02 14:23:40
Арманым аттын башындай. Азыркы ажосу дагы баш баканы дагы жыргатпайт.
+4
take19
2018-05-02 22:03:28
Көчмөндөр оюнунан канча пайда, канча зыян болоорун эсептеп коюшса боло. Мамлекетке зыяндан башка пайдасы жок.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан