Ош шаарында "Кыз намысы кымбат" аттуу сынак өттү

Ош шаарында "Кыз намысы кымбат" деген аталыштагы сынак өттү. Бул тууралуу маалыматты Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан бүгүн, 2-майда кабарлашты.

Берилген маалыматта айтылгандай, иш-чара Ош шаардык мэриясынын жаштар иштери боюнча комитети тарабынан өткөрүлгөн.

"Аталган сынактын максаты - кыздарды тазалыкка, адеп-ахлакка, эстүүлүккө чакыруу. Сынакка аймактык кеңештерден жана шаардагы мектептерден 11 команда катышкан. Алар калыстар тобуна жана көрүүчүлөргө саламдашуунун эрежелерин, ыр-бий, жаштарга тарбиялык мааниси бар театрлаштырылган көрсөтмөлөрдү аткарып беришти. Жыйынтыгында Манас-Ата аймактык кеңешинен катышкан команда 1-орунга ээ болду", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле алдыңкы орундарды ээлеген командаларга уюштуруучулар тарабынан диплом жана белектер тапшырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
i1urp
2018-05-02 14:22:56
Эркек намысы кымбат - атуу сынак откозуш керек.
0
bond02
2018-05-02 14:57:07
кыз намысы канча тураарын кордунорбу кечээги Америкадагы студент кызды, кыргыз кыздар силер кыздык намысынар менен эле турмушка чыксанар омур бою жузунор жарык бактылуу жашайсынар.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан