Мындан жыйырма күн мурун “Ош базарынын” батыш тарабында жайгашкан “Берекет” соода жайында өрт чыгып, соода жайдын 5 миң 400 чарчы метр аянты күйүп кеткен. Жыйынтыгында 450дөн ашык соодагер 600 миллион сомдой зыянга учураган. Ошол эле күнү алар Ак Үйдүн алдына митингге чыгып, бийлик жетекчилеринен соода орундарын калыбына келтирүү, банктан үстөк пайызсыз насыя алып берүү талаптарын коюшкан. Андан кийин да бир нече ирет өз талаптары менен өкмөт үйүнүн, Ак Үйдүн алдына барышкан. Бирок дароо чечкиндүү жыйынтыктар болбогондуктан соодасын улантуу үчүн базардын жанындагы Кулиев көчөсүндө 500 метрдей жерди тосуп алып соода кылышууда.
SUPER.KG порталы зыянга учураган соодагерлердин абалынан кабар алып кайтты. Көпчүлүгү жакындарынан акча чогултуп соодасын жаңыдан баштап жаткан болсо, айрымдары күйгөндөн арткан товарларын сатууда.
Чыгымга учурагандардын бири Максатбек Куштаров 10 жылдан ашуун убакыттан бери “Берекет” соода жайында кол саат жана капчыктарды сатып иштеп, эки соода орунуна ээлик кылып келген. Ал өрттөн жалпы 2 миллион сом зыян тартканын айтты.
“10 жыл мурун насыя алып иш баштагам. Ошол учурдан бери иштеп, товарымдын суммасы 2 миллион сомдон ашып калган. Өрттөн кийин 2 миллион сомдун ордунан 50 тыйын таап чыктым, бүт баары күл болуп калыптыр. Жардам алалы деп Ак Үйдүн алдына чыктык. Бизди Жогорку Кеңештин төрагасы, андан кийин өкмөт башчы менен шаар башчысы кабыл алды. Бирок мэрия эки-үч күн мурун болгону 4 миллион 800 миң сом берген экен, ар бирибизге 10 миң сомдон тийди. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен ошол учурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков жардам беребиз деп айткан. Андан бери эки жума өттү, жыйынтык жок. Базардын ээси “силер үчүн жанымдан бир тыйын коротпойм, соода орунуңарды салып берем, бирок акчасын бересиңер” деген. Андан башка аргабыз жок, эптеп кайра ордубузга келишибиз керек болуп жатат. Ага чейин үй-бүлөнү багып туруу үчүн аргасыздан товарды карызга алып минтип көчөдө соода кылып жатабыз. Чындыгында бул жерден деле жакшы акча тапкан жокпуз. Анан калса түнү менен кайтарып чыгабыз. Бир күн эле кетип калсаң ордуңду алдырып коёсуң”, - деди Куштаров.
Ушул эле көчөдө соода кылып жаткан соодагерлердин бири Ырыскан Айдаралиева да 2 миллион сом зыянга учураган. Ал жакын туугандарынан 100 миң сом алып соодасын улантууда. Ал электр плита, жылыткыч жана термосторду сатат. Мэриянын берген 10 миң сом акчасы эки самоорду гана сатып алууга жетерин, өкмөт жок дегенде үстөк пайызсыз насыя менен камсыздаса жакшы боло турганын билдирди.
“13 жылдан бери соода кылам. Базар өрттөнгөндө менин да товарларым күйүп кетип 2 миллион сомдой зыянга учурадым. Азыр кайра жакындарымдан 100 миң сом алып 10 күндөн бери аргасыздан көчөдө соода кылып жатам. Эми соода жайы ылдамыраак бүтүп, ордубузга чыксак жакшы болмок. Курулушчулар күйүп кеткен имаратты тазалап башташкан. Алар да түшкө чейин иштеп, түштөн кийин жок болуп кетип жатышат. Өкмөт жок дегенде үстөк пайызсыз насыя алып берип колдоп койсо жакшы болот эле. Аябай кыйналып кеттик. Мэрия берген 10 миң сом - менин эки самоорумдун эле акчасы. Ар бир товарды бош орундарга көтөрүп киргизип, кайра көтөрүп чыгарып жатабыз. Бир эле мен эмес, баары эле ушинтип кыйналып жатат. Биздин учурдагы абалыбызга эч бир чиновник маани бербей жатат. Өздөрүнүн курсагы тойсо эле болдубу? Бирөө басып келип “кантип жатасыңар?” деп сурап коё элек. Бул жерде тапканыбыз күнүмдүк ичип-жеген тамак-аштан ашпайт”, - деди Ырыскан Айдаралиева.
Көчөдө туруп алып соода кылгандардын арасында зыянга учурабагандарын да кезиктирүүгө болот. Чыныгүл Тайчабарова товары күйүп кетпегени менен, соода орунуна эч ким басып барбай жаткандыктан аргасыз көчөгө чыккан. Тайчабарова базар ээси болгону базардын үстүн жаап берип койсо калганын өзүбүз бүткөрүп алабыз деген ойдо.
“Идиш саткан катарда отурчумун. Бирок менин соода жайым күйгөн жок. Жанымдагылардыкы күйүп, меникине жеткенде балдар өчүрүп калышыптыр. Сиңдилеримдин товарлары күйүп кетти эле аларга акча чогултуп бердик. Азыр товар алып кайрадан соода кылып жатышат. Ал эми бул жакка чыкпай өз ордумда соода кылайын десем ал жакка киши кирбей жатат. Аргасыздан бул жерде отурам. Азыр күн ысык, эртең күн суук болуп баштаганда кантебиз? Ошондуктан идиш саткан катардын үстүн эле жаап берип коюшса болмок. Калганын өзүбүз жасап алабыз. Чоң имарат салабыз деп жатышат. Ал бүткөнчө бир топ убакыт өтүп кетет. Базар бирөөнүн менчиги болгондуктан ал качан бүткөрөт? Бул дагы түйшөлтүп жатат. Канчалык эрте бүткөрсө, ошончо жакшы болот эле. Отурган жерибизге ижара акысын төлөп эле жүргөнбүз, үстүн жаап берип койсо эми да төлөөдөн баш тартпайбыз”, - деди Тайчабарова.
Жогорудагы соодагерлердин айткандарын уккандан кийин базардын ээси менен байланышууга аракет кылдык. Бирок байланышууга мүмкүн болбогондуктан күйүп кеткен соода жайларды көрүп чыктык. Бирок учурда болгону күйүп кеткен имаратты бузуу иштери жүрүп жатканын көрүүгө болот. Өзүн Рахат деп тааныштырган бригадир иштин жүрүшү боюнча айтып берди. Анын белгилешинче, бузуу, тазалоо иштери дагы 10 күнгө жетпеген убакытта аягына чыгып калат.
“Жумушту баштаганыбызга 10 күн болуп калды. Мында жалпы 15 жумушчу, бир кран, эки экскаватор жана төрт КамАЗ иштеп жатат. Дагы 10 күнгө жетпеген убакытта бул жерди тазалап бүтөбүз. Анткени жумушту баштаганда эле эксперттер келип тоскоолдук кылып коюшту. Алар болбогондо бүтмөкпүз. Азыр күнүнө үч КамАЗ темир, эки КамАЗ таштанды чыгарып жатабыз. Биз тазалап бүткөндөн кийин куруу иштерин башка фирма жүргүзөт”, - деди ал.
“Берекет” соода жайындагы өрт жыл башынан бери “Ош базарында” орун алган үчүнчү өрт кырсыгы. Буга чейин базардын Киев жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Сейтек” базары эки ирет күйүп кеткен. Алгачкы өрт 30-январь күнү катталып, жалпы 3 миң 500 чарчы метр соода жайы күйүп кеткен. Андан жабыркаган катары 150 адамдан арыз түшүп, бирок салык жана социалдык төлөмдөрдү төлөгөн делип 74 ишкер табылган. Андан 35 күн өткөндөн кийин кайрадан ошол эле “Сейтек” базарынан өрт чыгып, 800 чарчы метр соода жайым күйүп кеткен. Мындан жалпы 60тай ишкер зыян тарткан.
Жогорудагы өрт кырсыктардын келип чыгуусу боюнча кылмыш иши козголуп, ИИМ тарабынан үч версия боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Биринчиси - атайын өрттөө, экинчиси - өрт коопсуздугунун эрежелеринин сактабоо, үчүнчүсү - кызыкдар болгон атаандаш адамдар тарабынан болушу мүмкүн деген негизде. Ал эми “Берекет” соода жайындагы өрт боюнча козголгон кылмыш иштин негизинде базардын ошол учурдагы директору кармалып камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.