Динара Молдошева Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча кызматтын төрайымы болду

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик кызматынын төрайымы кызматына Динара Молдошева дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин 2016-жылдан тарта аталган мекемени Досалы Эсеналиев жетектеген. Ал азыр президенттик аппарат башчысынын орун басары болуп иштейт.

Өмүр баяны:

Молдошева Динара Автандиловна 1979-жылы 24-апрелде Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Айдаркен шаарчасында төрөлгөн.

2007-2010-жылдары - Жогорку Кеңештин депутаты;

2011-жылы - Монополияга каршы мамлекеттик агенттигинин башчысынын орун басары;

2011-2012-жылдары - өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү;

2014-жылы - Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү болуп шайланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
max-bek
2018-05-02 20:52:53
Дагы бир акжолчу чон кызматка келиптир. Бул жакшы кадр эмес
+1
fantomas
2018-05-02 23:36:12
Сокенин кадрларын карап туруп конул айланат... Эл жаны бийлик/Соке башында турган бийлик коррупция менен курошот, олкодогу абал озгоруп экономика озгорот деп умут кылып жатат, бирок ал умуттор акталбашын билбей жатышат.

Анткени бийликтеги кадрлар алмашканы менен, бир коррупционер жетекчи кызматиан кетсе, ордуна башка коррупционерлер келуудо... Окмоту деле, башкасы деле ошол эле кадрлар, Бакиев, Атамбаевин тушунда иштеп, эч бир эмгеги менен элдин эсинде калбагандар...
+1
fantomas
2018-05-02 23:45:01
Эми жогорудагы келинге келсек, бул келин Ак-Жол партиясынын атынан депутат болуп келген. Ак Жолчу депутаттар кандай иштеп бергенин эл жакшы билет, бугунку СДПКчылар Атамбаевдин созун эки кылбай, ар айткан мыйзамын колдоп берген сынары. Андан кийин антимонополия агенттигинин зам.начальниги болуптур, жыйынтык барбы?!!

Кийин сотторду тандоо кенешинин мучосу болуптур. Эми булар тандаган соттордун денгээлин Садыр Жапаров, Текебаев, Ч.Жакупова ж.б.соттук процесстеринде коргонбуз.
+1
fantomas
2018-05-02 23:48:27
Ошондо буга окшогон адамдар Сооронбай Жээнбеков жетектеген бийликтин жузу болсо, анда жакшы жашоодон тунулуп кое бергиле...

Окмоту болсо тиги, мурункулар эле бийликте калды, 3-4 министр алмашпаса... Окмот жетекчиси болсо кызматка киришип киришпей жатып эси-дарты, туйшугу Кочмондор оюнун откоруу... Бул жакта кекиртегибизге чейин карызга батып турсак, чуулуу коррупциянын бети толук ачылбай турса, бул киши талаага акча чачуунун аракетинде... Мына Сокение бийлиги....
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан