Бишкекте жашыруун иштеп жаткан казинонун кардары 4 миллион сомдой уттурганын, кумар оюндарынын айынан жумушсуз, үйсүз көчөдө жүргөнүн айтат

Бишкек шаарынын Чыңгыз Айтматов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жашыруун иштеп жаткан казинонун 18 жаштагы кардары уттурган акчасын кафеде иштеп жүрүп тапканын айтат.

"Бул жерде кумаркана иштээрин деле билген эмесмин. Өтүп бара жатып көрүп калып, футбол көрө турган жай экен деп ойлогом. Кирсем кыздар кантип ойнош керектигин көрсөтүп беришти. Мен бүгүн 3-4 миң сомдой уттуруп жибердим. Ал акчаларды кафеде иштеп жүрүп тапкан болчум", - дейт кумаркананын кардары.

Ал эми экинчи бир кардары жашы 23тө экенин, баш аягы 4 миллион сомдой уттурганын айтып берди.

"Мен башында кокусунан эле келип калдым. Дайыма уттуруп жатып, кайра кайтарып алам деп жүрүп уттура бердим. Ошентип баш-аягы 4 миллион сомдой уттуруп жибердим. Ушул кумар оюндарынын аркасынан азыр жумушсуз, турак жайсыз көчөдө жүрөм. Мурда жакшы эле иштечүм. Кийин жакындарымдан карызга акча ала берип азыр көчөдө эле жүрүп калдым десем болот. Ата-энемдин үйүнөн да акчаларын көргөзбөй алып кетип жүрүп азыр үйгө да бара албай калдым", - дейт экинчи каарман.

Кумарпоз болуп кеткен жигит: "Оюн жайларды жаппаса мен кармана албай калдым"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Tyty1990
2018-05-02 21:55:58
Дагы ойногула
+2
muke.1971
2018-05-02 21:59:40
Акыл эсинер жайында эле экен
+2
Jazdyn_tany
2018-05-02 22:00:07
Ырас болуптур!
+5
muke.1971
2018-05-02 22:00:25
Эч ким куноолу эмес
+2
rysik79
2018-05-02 22:05:55
Жин шайтандын азгырыгынан сактай коор СубханАллам!!!
+8
Melitta-24
2018-05-02 22:09:32
Оздорун кошо уттуруп жиберишпептир
+4
Peri93.93
2018-05-03 00:00:54
Эх бул нерсени силер билбейсинерда?билгенинерде Эгер эн жакшы кенештерди бермексинер?бул оюнга 1 кирдинби оюн сыяктуу болуп калат?киргенден кийин эрки кучтуулор чыгып кетет кайра кирбейт?ал эми эрксиздер оздорун алдап журо беришет болду келбейм дешет кайра эртеси келгенин билбей калышат?бул жерде иштегендер азгырышат этият болуу керек?анткени менин бир Болом ушундай оюнга аралашып калып мектепкеда окубай барбай ошол оюндун артынан тушуп эчкимге билдирбей карызга акча бироолордон ала берип
+1
Peri93.93
2018-05-03 00:08:45
Карыздарын ата-энесине чейин келип сурап анан билип калышкан экен ата-энеси,базардада иштечу соода аз болтат деп эле жарымын ал Жака ташып уттуруп жиберген экен корсо?ошентип атасы угуп калып мектептида бутбогон бала коп акчаларды уттуруп жибергенин билип жини келип ушунчалык жини менен Уруп чала олук кылып уруп таштаган экен башка баласы аран токтотуп калган экен,ошонтип аран калтырган азыр болсо зынкыйган жигит болуп чонойду андайды токтоткон,андайды калтыруу ото кыйын латерия сыяктууда булар
+1
Nurmat92
2018-05-03 02:03:05
Көк мээби кайра кайра уттурган сайын кайра кайра барган? Эрки жетпейби ХХХХХХХХХХ керек экинчи жологус кылып
0
madina.87
2018-05-03 04:03:45
Биз иштеген магазинде да бир оюн автомат бар.Бир киши кундо келип 5000р акчаны бир тыгып ойнойт.Ошол оюн учун кымбат машинасын,тапканын сатып ойнойт.
Шайтан азгырат окшойт,тооба кылдым.Эчкимди табалаба,Аллах он жол корсотсун жаштарыбызга
+1
Aidani
2018-05-03 04:25:15
Özü kunoluu
-1
Komrad
2018-05-03 07:38:45
Мамлекет чара коруш керек. Озу куноолуу дегендерге... Эшикти ача албай койдук, жер кочку болсо, коч десек кочпой коюшту ж у с шылтоолор мамлекеттик учун уят.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан