Түштүк Кореянын импорттоочулар ассоциациясы Кыргыз рыногун изилдөө үчүн эксперттерин жиберишет

Түштүк Кореянын импорттоочулар бирикмеси Кыргыз рыногун изилдөө үчүн эксперттерин жиберишет. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-майда Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан Түштүк Кореянын импорттоочулар ассоциациясынын (KOIMA) жетекчиси Мйоң-жин Шин менен жолугушту. Анын жүрүшүндө учурдагы эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун соода-экономикалык жана инвестициялык маселелер талкууланды. Элчи Кылычбек Султан Кыргыз тараптын Түштүк Корея менен болгон соода-сатык алакасынын көлөмүн көбөйтүү ниетин, экологиялык таза айыл чарба продукциясын Түштүк Кореяга экспорттоо боюнча кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. Андан сырткары Кыргыз жергесинде өндүрүлгөн айыл чарба азыктарын ВСП+ преференциясына ылайык, Европа өлкөлөрүнө экспорттоодо кореялык компанияларды Кыргыз компаниялары менен биргелешкен ишканаларды түзүүгө чакырды.


Түштүк Кореянын импорттоочулар ассоциациясынын жетекчиси Мйоң-жин Шин өз кезегинде аталган бирикме Кореяга чет жерлик товарларды жана азык-түлүктү импорттоо иштерине багытталганын, ага байланыштуу чет өлкөлүк компаниялар менен тыгыз кызматташарын жана кореялык компаниялардын байланыштарын кеңейтүүгө көмөктөшөрүн айтты. Ошону менен бирге элчи Кылычбек Султандын Түштүк Кореянын импорттоочулар ассоциациясынын эксперттик тобун Кыргыз жергесинен Кореяга экспорттоого боло турган потенциалдуу азык-түлүктөрдү аныктоо үчүн рынокту изилдөөгө жөнөтүү сунушуна макулдугун билдирди. Мындан сырткары Мйоң-жин Шин Кыргыз өлкөсүнүн азык-түлүктөрүн, товарларын, Кыргыз компанияларынын байланыштары тууралуу маалымдаманы, ошондой эле жалпы эле Кыргыз жергесинин экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу макаланы кореялык абройлуу "IMPORT” журналына бекер жарыялоого даяр экенин да кошумчалады.

Муну менен катар Түштүк Кореянын импорттоочулар ассоциациясынын жетекчиси «Import Goods Fair» аттуу эл аралык көргөзмөгө Кыргыз компанияларынын катышуусу маанилүү экенин баса белгиледи. Ал Сеул шаарында ушул жылдын 21-23-июнь күндөр аралыгында өтөт. Анда бир гана корей түзүмдөрүнүн арасында эмес, эл аралык компания жана ишканалардын арасында Кыргыз жергесинин туризми жана улуттук азык-түлүктөрү боюнча ишти илгерилетүү үчүн ыңгайлуу мүмкүнчүлүк түзүлөрүн Мйоң-жин Шин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз тарап менен өнөктөштүк кызматташуу тууралуу макулдашууга жетишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Komrad
2018-05-03 09:54:21
Жакшы иш болмок. Биздикилер жакшы жагынарды корсоткуло,чондор. Акча сурап ийбегиле
+3
baisogur
2018-05-03 10:20:00
Элчи деп ушул адамды айт,башка элчилерибизден бир дагы дайын жок .
+5
AzKumFerDan
2018-05-03 10:42:06
Эң мыкты Элчи Кылычбек Султан Азаматсыз иштеген ушул кишидей болот, Приздентике да татыктуу киши
+5
Jango
2018-05-03 13:25:48
Ушул киши молодец кореяда журуп кыргызстандын онугушуно салым кошуп жатат а бул жерде депутаттар даже инвестицию эмне экенин да билишбесе керек
+2
ilgiz-kg01
2018-05-03 14:53:57
ХХХХХХХ да 120 ХХХХХХХХ сен кор мен кор жок болот
+3
admin_superstan
2018-05-03 16:07:30
ilgiz-kg01, провокация жараткан билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат!
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан