Ош шаарында "Шайыр апалар" фестивалы жыйынтыкталды

Кечээ, 2-май күнү Ош шаарында "Шайыр апалар" аталышындагы фестиваль жыйынтыкталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриянын басма сөз катчысы билдирди.

Маалым болгондой, фестивалга жалпысынан Кыргыз өлкөсүнүн ар кайсы облустарынан келген 43 чыгармачыл топ катышкан. Алар элдик ырларды аткарып, өз өнөрлөрүн тартуулашкан. Жыйынтыгында, фестивалдын Гран-Приси Ысык-Көл облусунан келген "Ысык-Көл ажары" чыгармачыл тобуна ыйгарылган.

Айта кетсек, бул иш-чара Ош мэриясы тарабынан "Региондорду өнүктүрүү жылынын" алкагында уюштурулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан