Юристтер 7-Апрель көчөсү боюнча шаардык кеңешти сотко бергени жатат

"Биздин укук" коомдук фондунун юристтери Бишкек шаарынын Чүй жана Шабдан баатыр көчөлөрүнүн аталышын өзгөртүүгө уруксат берген шаардык кеңешти сотко бермекчи. Бул тууралуу аталган фонддун башчысы Калича Умуралиева маалымдады.

Фонддун маалыматына караганда, көчөлөрдүн аттары мыйзамга ылайык эки гана учурда өзгөртүлөт. Алар: эгер географиялык аймактар окшош аталышты алган болсо же кеңири таанылган тарыхый аталышты кайра кайтаруу максатында гана ишке ашырылат. Учурда юристтер доо арызды даярдап жатышат.

Бишкектеги Шабдан баатыр көчөсүн 7-апрель деп өзгөртүү сунушун Бишкек шаардык кеңеши 19-марттагы жыйынында талкуусуз колдоп берген. Ага ылайык, Шабдан баатыр көчөсү 7-апрель деп өзгөртүлөт, ал эми Чүй кең көчөсүнүн Ауэзов көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейинки бөлүгү Шабдан баатыр деп аталып калган.

Айта кетсек, бул сунуш 2017-жылы "Айкөл Ала-Тоо" жана "Мекен шейиттери" коомдук уюмдары тарабынан көтөрүлүп, алар ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге кайрылышкан. Атамбаев бул сунушту Бишкек шаардык кеңешине жиберген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Alixan-Nookat.2015
2018-05-03 08:32:07
7-апрель паракорлор үчүн эсте калган күн болгон Шабдан баатырга караганда паракорлор жогору турабы?
+16
MAB88
2018-05-03 09:36:12
Канчалаган кыргыздын абройлуу инсандары турат, ошолорду унутуп, 7-апрель деп койгону эмнеси?! Ушунчалык озгорткусу келет, озгорто тургандар толтура го
+8
tram-lam
2018-05-03 12:38:50
Ушуга окшогон маселелерди, доого жыгылган журналисттердин маселелерин чечип берсе, Сооронбай Шарипович "Узулгонду улаган, чачылганды жыйнаган" президент болуп, Кыргызстандын алкаш эмес, намаз кылган алгачкы президенти катарында тарыхта калат буюрса.
+4
jbolotov
2018-05-03 17:50:55
7 апрель Мыйзамдуу Президентке кол салып бандиттик кылган кун!Алкаш бийлике келбегенде Кытайга кайсы жерлерибиз отот экен деп ойлонбой тынч уктамакбыз. Газпром газ киргизген жердин баары договор боюнча Газпромдуку болот экен деп угабыз, Газпром Россияныкы болгондуктан юридикалык жактан жерлерибиз орус карамагына отуп кетсечи? Жерибизди Украинаныкындай кылып артып кетсе эмне кыла алабыз? Ушундай кашаларды жасап кеткен адамды жоопко тартыш керек!!!!
+1
jazy
2018-05-04 01:18:54
Кочолордун атын озгорткондон башка чече турган ишинер жоокпу акмактар элге пайдасы тиетурган проблемаларды чечкилечи 7 апрельдеп озунун уйуно койуп алсын ким озгортсо да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан