Орусиянын Киров облусунда 9-кабаттан кулап кеткен бир тууган кыздар аман калышты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазууда.
Маалыматта жазылгандай, 2 жана 3 жаштагы кыздар терезеси ачык калган бөлмөдө саналуу мүнөттөргө эле жалгыз калган. Окуя кечээ, 2-майда саат 20:00дөр чамасында болгон.
Кыздар оорукананын жандандыруу бөлүмүнө бир нече жаракаттары менен жаткырылган. Андан кийин Киров облустук тергөө башкармалыгына кабар берилип, кыздар бийиктиктен кулагандагы жаракаттары менен келип түшкөнү айтылган.
Укук коргоо органдары окуя болгон үйгө барып, териштиргенде кыздардын апасы аларга тамак берип бүтүп, саналуу мүнөттөргө гана бөлмөдөн чыгып кеткенин айткан. Бул учурда кыздар ачык турган терезеден кулап кетишкен.