Быйыл ишембиге туш келген 5-майдагы эс алуу күн дүйшөмбүгө жылдырылбайт.
Маалым болгондой, быйыл 5-Май - Кыргыз Республикасынын Конституция күнү ишемби күнгө туш келет. Эмгек кодексине ылайык, буга чейин эс алуу күнгө туш келген майрам күнү иш күнгө жылдырылса, бул ирет андай болбойт. Тактап айтканда, 7-май - дүйшөмбү күнү кадимки эле иш күндөрүнүн катарын толуктайт. Ал эми 5-майдагы эс алуу күн 3-сентябрга жылдырылат. Мындай чечим Кыргыз өлкөсүнүн тургундарына III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына күбө болууга шарт түзүүгө багытталган.
Жыйынтыгында, 5-6-май (ишемби-жекшемби) күндөрү эс алуу, ал эми 7-май (дүйшөмбү) иш күнү.