Ташкентте биринчи жолу Кыргыздын туристтик көргөзмөсү өтөт

Өзбекстандын Ташкент шаарында биринчи жолу кыргыздын туристтик көчмө көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу маалыматты туристтик компаниялардын биринин жетекчиси Арлан Харов билдирди.

Анын билдирүүсүнө караганда, көргөзмөгө Кыргыз жериндеги туристтик компаниялардын, пансионаттардын, мейманканалардын жана кымыз менен эс алдыруу борборлорунун өкүлдөрү катышып, өздөрүнүн кызматтарын тааныштырат. Иш-чара 22-23-май күндөрү өткөрүлөт.

22-майда Кыргыздан барган өкүлдөр Өзбекстандын бизнесмендери, инвесторлору жана журналисттери менен жолугушат. 23-майда туристтик көргөзмөгө бардык каалоочулардын келиши күтүлөт, анда келген адамдарга автобустук жана атайын буюртма менен жүрө турган авиарейстер тууралуу да маалыматтар берилет.

Буга чейин Кыргыз мамлекетиндеги туристтик компаниялар жалаң эле эл аралык көргөзмөлөргө катышып келишкен. Көчмө көргөзмөнүн уюштуруучулары иш-чараны Ташкенттен баштаганынын себебин - Кыргыз-Өзбек мамилелеринин жакшырышына байланыштырат.

Көргөзмө Кыргыздагы курорттор ассоциациясы тарабынан Туризм департаментинин колдоосу менен уюштурулууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
AzKumFerDan
2018-05-03 10:39:21
Эмне демекпиз ишиңиздерге ийгилик,Чек ара маселесин жаңсыл калышса жакшы болмок
+3
bibi87
2018-05-03 17:34:40
Кайсы жерде отот экен, толук маалыматты кайдан алса болот, жердештерди коргону барат элем
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан