Кыргыз жараны өзбек чек арачысынан жулуп алып качкан рациянын "тагдыры" белгилүү болду

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагынын тургуну өзбек чек арачысынан алып алган рация өзбек тарапка кайтарып берилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, жаңжал чыккан күнү эле токтотулган. Ошондой эле учурда колунда куралы бар адамга карата кандайдыр бир иш-аракеттерге барбоо керектиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

"Өзбек чек арачысы Кыргыз жаранын өзүнүн аймагына алып кирип кетти деген маалыматты тастыктай албайбыз. Окуя болгон күнү биздин кызматкерлер менен Өзбек чек ара кызматынын өкүлдөрү келип эки тараптуу териштирүүлөрдү жүргүзгөн. Натыйжада Кыргыз жараны алып алган рация кайтарылып берилген.

Мындан сырткары, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен бирге айыл элине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Учурда жаңжал чыккан жерде ИИМдин кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Иликтөөнүн натыйжасында кайсы тарап күнөөлүү экени белгилүү болот", - дешти мекемеден.

Эске салсак, буга чейин окурман "Ала-Букада Өзбекстандын аскерлери Кыргыз жаранына ит агытып, аны өз аймагына алып кирип кетүүгө аракет кылды" деген билдирүүнү "Элдик кабар" бөлүмүнө жиберген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
taalay25
2018-05-03 12:34:30
Кирип келсе силер дагы аткыла да
+7
Kulatov
2018-05-03 12:39:34
Бизге чек аранын кереги жок чек араны ачып салгыла бир ишти чечпегениңерден кийин зачем бизге чек ара кайра өзүбүздүн элдер күнөөлү болуп кала берет күндө бирден атып кетсе да биздин чоңдордун кылы кыйшайбайт.
+7
Kulatov
2018-05-03 12:49:21
Кайра эл өзүбүз күнөөлүү болуп кала беребиз даяр сүрөткө тартып жөнөтсө да өткөн эмес дегенине не дейсиңер эми видеосун жөнкүлө
+6
Miss.erkewka95
2018-05-03 12:53:59
Кандай түшүндүрүү иштери имиш?
ХХХХХХХХХХХ ХХХХХХХХ дейт бекендер?
+5
Dembele84
2018-05-03 13:05:03
Чындыкты корсотом деп баарын суротко тартып,доказательства кылып атса да биздин коркок аткаминерлердин айынан чыркырап кала бериптир да биздин патриот жигит. (Окунучтуу)
+10
Rysbek91
2018-05-03 13:42:21
Ким куноолу экени корунуп эле туратго. Эмнесин териштиресинер.
+7
Jusupovich1989
2018-05-03 13:48:09
Мамлекеттен эч жардам кутуштун даже умут кылыштын кереги жок болуп калды. Мен билем ал жерлер биздики. Териштирет имиш [moderated]ды сурамак беленер неге оттунор деп?
Иши кылып аман эле болгула бийликтегилер

+5
nazarKGZ
2018-05-03 13:53:41
Соке иштей албайт
+5
Davlet1994
2018-05-03 14:00:56
Азаматсын жигит аскер адамынан рацияны алган болсон. Кыргыз элим Коп жерлерибиз сатылып кетиптир сатылып жатат Баткен обл Баткен р-нун Суу-Башы айыл аймагынан да 3-4жайлообузду 2017-жылы Озбекстанга откоруп жиберишиптир. Конул бурбасак озубуздун жерлерди алмаштырабыз деп дагы сата беришет булар
+7
munar1980
2018-05-03 14:07:28
эмнени териштирет ачык эле видеосу турбайбый биздин чек арага өтуп кеткени
+8
Дарыгер
2018-05-03 15:48:23
Эмнени териштирет айтып жатпайсынбы биздин аймакта журот деп. Чек арачылардвн колунан ХХХХХХХХХХ
+5
meni_kut
2018-05-03 16:09:59
Наалат мин наалат чек арачыларга, доказательство суротто нагло кирип келип, кыргыз жаранын карап заара ушатып жатат го
+6
Komrad
2018-05-04 07:25:57
Эсирген озбек чекарачыларын ансайын эсиртип атасынар. Рациясын беребиз деп, 2 жума созбойсунарбы жок дегенде,териштирели каяктан кантип келгенин деп
0
Nuri1988Elim2010
2018-05-04 20:26:50
Корунуп эле туратго,дагы биздин карапайым элибизди куноолойт бул кетиште!Эмнеге элди ойлошпойт
0
muslim87
2018-05-04 23:39:03
Элге эмне деп түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү? Өзбек соддаттары кирип келсе унчукпагыла, бирөөнү сүйрөп кетип атса жөн койгула, силерге карап заара ушатса тескери карап алгыла көңүл бурбагыла, итин агытса качып үйүңөргө кирип кеткиле дештиби кызык. Өзбекстанга нота жибергиле экинчи кирбесин биз жака жана адепсиз жоокерине чара көрсүн
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан