Сузакта жер көчкү кайрадан активдешип, Көк-Арт дарыясын тосуп калды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Маалыматка караганда, 2-май күнү саат 20:15 чамасында жер көчкү кайрадан сүрүлүп түшүп Көк-Арт дарыясын бөгөп калган. Учурда топтолгон суу болжол менен 1 миллион 200 миң метр куб. Суу жер көчкүнү жиреп, акырындык менен өз нугунда агууда. Учурда жер көчкү болгон жерде ӨКМнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу иш алып барып, көчкүнүн көлөмүн аныктоо иштери жүрүп жатат", - деп билдирет басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, буга чейин окурман "Элдик кабарга" жер көчкү Көк-Арт дарыясын тосуп калгандыктан суу топтолуп жаткандыгын билдирген.