Аида Салянованын адвокатынын кан басымы көтөрүлүп, сот 8-майга жылды

Бүгүн, 3-майда саат 11:30да Жогорку Сотто экс-депутат Аида Салянованын иши каралмак. Бирок Салянованын адвокаты Чынара Жакупбекова ооруп, сотко келе албаганына байланыштуу отурум 8-майга саат 14:00гө жылдырылды. Жакупбекованын кан басымы көтөрүлүп кеткенин анын жардамчысы айтып берди.

Айта кетсек, Салянова "юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет.

Быйыл 7-февралда Бишкек шаардык соту Саляновага карата чыгарган райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Буга байланыштуу Салянова өз каалоосу менен депутаттык мандатын тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан