Бишкекте 1 сааттын ичинде 12 жөө жүрүүчүгө жол эрежесин сактабагандыгы үчүн айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 3-майдан тартып Бишкекте "Жөө жүрүүчү" аталышындагы рейд старт алып, 6-майга чейин созулат. Рейд жол эрежесин бузган айдоочулар менен жөө жүрүүчүлөргө эскертүү берүү жана жол кырсыктарын алдын алууга багытталган.
"Бул рейддин жүрүшүндө 1 сааттын ичинде унаа жүргөн жолдун атайын белгиленген жеринен эмес, туш келди кесип өтүп, жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган 12 жөө жүрүүчүгө айып салынды", - дейт басма сөз катчы.
Айта кетсек, буга чейин жолдо жүрүү эрежесин бузган жарандарга 500 сом өлчөмүндө айып салына турганы кабарланган.