"Президент Сооронбай Жээнбековдун жеке мамилеси боюнча маалымат берилбейт", - деп SUPER.KG порталына президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева билдирди.
"Президент учурда ички жана тышкы саясий маселелер менен алек, алдыда да чечүүчү маселелер көп. Ал эми экс-президент Алмазбек Атамбаев менен президент Сооронбай Жээнбековдун жеке мамилеси бар, алар мурдатан бери партиялаш адамдар. Бирок президент жеке мамилеси тууралуу комментарий бербейт", - деди Стамалиева.
Айта кетсек, КСДП париясынын 27-апрель күнү өткөн саясий кеңешинин жыйынында алдыңкы күндөрү Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуусу тууралуу маселе көтөрүлгөнүн партиянын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева SUPER.KG порталына билдирген.