Журналист Эрнис Кыязов 5-каналга жетекчи болду

Журналист Эрнис Кыязов "5-канал" Жабык акционердик коомунун башкы директору болуп шайланды. Бул тууралуу маалыматты Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан SUPER.KG порталына бүгүн, 3-майда кабарлашты.

"Эрнис Кыязов "Бешинчи канал" ЖАКсынын жалгыз акционери "Жыйырма бешинчи кадрдын" чечими менен кечээ, 2-майда директор болуп шайланды", - деп жазылат маалыматта.

- Кыязов Эрнис Абибиллаевич,

1977-жылдын 15-ноябрында Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган.

1994-1999-жылдары Кыргыз улуттук университетинин Журналистика факультетинде билим алган.

Эмгек жолу:

- 1997-1998-жылдары "Кыргыз Руху" гезитинин штаттан тышкаркы кабарчысы;

- 1999-жылы - Мамлекеттик телерадиокомпаниясынын жаңылыктар, "Замана" берүүлөрүнүн алып баруучусу, редактору;

- 2000-2005-жылдары - КООРТ телеканалынын кабарчысы, жаңылыктардын алып баруучусу, "Апта" аналитикалык программасынын алып баруучусу;

- 2005-жылы ЖКнын аппаратынын маалымат кызматынын башчысынын орун басары, "Парламент" берүүсүнүн алып баруучусу. (Мамлекеттик кызматтын 3-даражадагы кеңешчиси);

2005-2007-жылдары - Улуттук телерадиокорпорациясындагы "Багыт" автордук берүүсүнүн автору жана жетекчиси, "Кыргызстан" маалымат-аналитикалык редакциянын продюсери,

2007-2008-жылдары - УТРКнын башкы директорунун орун басары;

2009-2010-жылдары - УТРКдагы "Замана" студиясынын продюсери, Социалдык-экономикалык жана инновациялык программалардын бөлүмүнүн продюсери, "Сөз ирмем" телеберүүсүнүн автору, "Достук көпүрөсү" эл аралык теледолбоорунун алып баруучусу;

2010-2013-жылдары - ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясынын Жаңылыктар бөлүмүнүн башкы продюсери;

2013-2014-жылдары - "Ош ТВ" телерадиокомпаниясынын башкы директору;

2015-жыл - НТС телеканалындагы "Ар тарап" ток-шоу берүүсүнүн алып баруучусу.

Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Muslim_KGstana.
2018-05-03 14:08:38
Урра !!!
Жанылыктарды баштанчы дагы сонун сонун иликтоолорду жургузуп озунуз.
+21
Benazir08
2018-05-03 14:28:55
Азамат омурунузго береке сиздей жигиттер коп болсун
+13
nakiw
2018-05-03 14:43:56
урррраааааа
+10
Momun...
2018-05-03 15:00:08
Куттуктайм Эрнис братан! Жаны кызмат орунда кыргыз эли учун керектуу, реалдуу, чыныгы орчун, Кыргызстандын онугуусуно тоскоолчулукту жаратып жаткан маселелерди чагылдырган тасмаларды элге жайылтыныз. Дин маселесинде, дин аалымдарыбыздын кеп кенештерин элге таратуу, жаштарыбызга туура тарбия беруу боюнча да кобуроок иш алып барышынызды каалайт элем.ийгилик каалайм ишинизге!
+12
Firdaus-Muslim
2018-05-03 15:11:15
Негедир ушул журналистин көрсөтүүлөрү жагат.
Куттуктайбыз Эрнис ага ишиңизге ийгилик каалайбыз бар болуң!
+10
toktor89
2018-05-03 16:04:17
Ашанын кашасын чыгарыныз1 биз сиз менен!
+5
tattusha
2018-05-03 16:16:07
5-канал жабылбады беле? кайра чыга баштадыбы? странно...
-2
pochtalyonin
2018-05-03 17:40:58
Сонун кабар )
+3
bahabaike
2018-05-03 19:25:35
Эрнисти фейсбукта да коркутуп журушту го АША нын убагында постторун очуртуп. Эми кезек сизде Эрнис мырза
+3
jazy
2018-05-04 01:09:58
Куттуктайбыз эми чындыктын баары чыгат Эрнис байке ишинизге ийгилик кыргыз элине куйгон чыныгы патриот инсан Аллахым озу колдосун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан