Таласта көз жарган 15 жаштагы окуучу кыздын кош бойлуу экенин ата-энеси билген эмес

Талас шаарында төрөгөн 15 жаштагы окуучу кыздын кош бойлуу экенин ата-энеси билген эмес. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Талас шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришти.

"Көз жарган кыз - Талас шаарындагы №5-мектептин 8-классынын окуучусу. Ал мектепте абдан жакшы окуган, активдүү кыздардан болгон. Анын кош бойлуу экенин мектептеги мугалимдер, классташтары, ал тургай ата-энеси да билген эмес. Түндө ичим ооруп жатат дегенде, үйүндөгүлөр ооруканага алып келишиптир", - дейт билим берүү башкармалыгынан.

Айта кетсек, буга чейин Талас шаарында 15 жаштагы мектеп окуучусунун көз жарганы маалым болгон.

Таласта 15 жаштагы өспүрүм кыз көз жарды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Jazdyn_tany
2018-05-03 16:23:31
Байкуш кыз...деги өзү билиптирби кош бойлуу экенин?
+3
Missing-u
2018-05-03 16:28:12
Неге билим беруу башкармалыгы жооп берет ата-энесичи? Жашы жетелек торогон деп эми мектеп директор мугалимдерди сыгат экенсинерда...
+14
karakozum
2018-05-03 16:28:18
ой тобо, ата-энеси байкабаса анда ким байкайт? менин апам кичине эле ооруп же бир нерсе жашырсам сразу билип калат. Анда мунун апасы кызына коз салбайт, кызы бар экенин билет болду бекен деги? Энесин коруп кызын ал дейт демек энесинде да кунооо кызын карабаган, тарбиялабаган.
+10
rysik79
2018-05-03 16:34:42
А дейбиз,Б дейбиз кытайча билбейбиз болоору болду, эне бала аман болсун, атасын таап никеге тургузуп мектептин 9 - классын заочно бутуруп коюш керек. Психологиялык, моралдык басым жасабай тескеринче колдоо корсотуш керек. Кыргыз дын уул- кыздарына ыйман тилейли..
+34
Merelisha
2018-05-03 16:58:42
Бизде ар айда айызыбызды текшерип турчуу эле апабыз. Кантип эле ушундайлар пайда болуп жатат? Тообо кылдым, Кудайым кечирсин баарыбызды эле.
+7
Okunboim.
2018-05-03 16:59:31
Уят ,уят ,уят!!!!!
-5
sirenaaaaa
2018-05-03 17:20:50
Апам айтып калчу эле бир кыз баняда бироонун тушуруп койгон спермасына олтуруп боюнда болуп калган экен кыз бойдон деп. Балким бул кыз да ошондой же бироо кыйнаган, же бироо алдаган
+15
Bale
2018-05-03 22:51:56
sirenaaaaa,кой чай ошондой да болот бекен..
-2
kalpak.kg92
2018-05-04 00:14:11
sirenaaaaa,эй лапылдабачы эч качан адай болбойт...создеп суйлопкойдун деп тушунрм
-7
Asman...
2018-05-04 06:06:30
kalpak.kg92,болот андай нерсе да.
+6
simone
2018-05-03 18:00:04
Кудайым озу сактасын, баарыбызда кыз бала, уул бала бар.
+12
Zainidin96
2018-05-03 21:08:51
Кыргыз элине дагы бир жаран кошулуптур кыргыз журту кобойо берсин
+5
pixduel1
2018-05-03 23:03:16
Эне кызы менен ачык эле суйлошуп бой жеткен кезде бала кайдан келет,эмне туура эмне туура эместигин уйротуш керек! Бул уят эмес,торогон сон кызын элге соз кылдырган уят. Ал да энесине соз алып берет! Жашоо шарт азыр башка,мурункудай жаштар жок,ата-энеге кызы кичине коруно берет,кыз балага катуу козомол керек уйдон!
+5
kalpak.kg92
2018-05-04 00:09:44
ХХХХХХХХХХ ата энеси ХХХХХХХ ХХХХХХХ кантип эле билбесин ата энеси да жашырып жаттат бул жерде эчкандай биз билбейт элек деген соз болушу мумкун эмес
+2
Birimdik5555
2018-05-04 01:34:10
Ушакчылар суйлой берет,откон иш отту,эми кыз жакшы окуса окуусун оксутпой улантып бир кесиптин ээси болуп алса озунун келечегине жакшы болмок. Бул нерсе убагында дуу болуп кийин элдер унутуп деле калат. Ушак болом деп баласын жетимканага тапшырбай озу мээримине болоп жэ ата-энеси багып алса экен
+5
maks.kgz
2018-05-04 05:59:28
Ыйман берсин,мындай учурда ар тараптан колдоо керек.
+2
Asman...
2018-05-04 06:09:46
Кантип энеси билбеди экен э. Курсагы чонойсо эне деген козомолдош керек да кызыны. Ыйман берсин баарыбызга.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан