Депутат Дастан Бекешов: "Журналисттер Атамбаевден кечирим сураганда иш сотко жетмек эмес"

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев SUPER.KG порталынын жогорку кызмат адамдарынын жумушун сындаган журналисттерди сотко берүү туурабы деген соболуна жооп берди.

Бекешев сөз эркиндиги өлкөдө өтө жакшы абалда дейт. "Албетте, чиновниктердин ишмердиги боюнча көзөмөл жүргүзүлүшү керек. Андай болбосо коомдук көзөмөлдү жоготуп алабыз. Журналисттердин да жалган, такталбаган, бир жактуу маалымат жаза бергени туура эмес. Калп маалымат таратса, сотко берсе болот. Маалымат каражаттарынын өкүлдөрү да жаңылык жазардын алдында маалыматты бардык тараптардан такташы шарт. Менин оюмча, биздин өлкөдө сөз эркиндиги өтө жакшы абалда. Мисалы, Борбордук Азия мамлекеттеринин арасында да бул багытта алдыңкы орунда турабыз. Ал эми 2017-жылдагы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркын коргоо боюнча сотко жазылган доо арыздар туура эле болгон. Жалган маалымат тараткандан кийин журналисттер Атамбаевден кечирим сурап, маалыматты төгүндөгөндө иш сотко чейин жетмек эмес", - деген пикирин билдирди Бекешев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Каныбек Иманалиев, журналист Нарын Айып жана Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулунун пикирин төмөнкү шилтемеден окуңуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
cyrus
2018-05-03 17:45:19
Ошол журналисттер куйгону учун жазып жатат. Сен озу эмне иш кылып кыйратып койдун, журналисттер элдин козу корсун, чиновниктердин былыктарын деп айтып жатат.
+12
Dembele84
2018-05-03 18:26:41
ХХХХХХХ
+11
Kg-samsung
2018-05-03 19:05:43
ХХХХХХХ болуп суйлой бересинби
+13
admin_superstan
2018-05-04 12:08:32
Kg-samsung, Dembele84, кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоого тыюу салынган!
0
ermek19
2018-05-03 19:14:06
ХХХХХ журналистерге тийишбей ишини ондочы кылган кымындай ишин жок анан асманды сулобой ХХХХХ
+11
admin_superstan
2018-05-04 12:07:54
ermek19, коомдук этиканы сактаңыз! 3 күн БАНга!
0
uli1234
2018-05-03 19:19:05
Атамбайдын жумшак пахтасы, коп пахта койо бербечи
+8
toktor89
2018-05-03 21:33:58
ушуну чукугула былыктын баары ушуда
+3
al-abu-kinesz
2018-05-03 22:54:20
Ашанын жугундукорлорунун бири да бул деле
+2
jbolotov
2018-05-03 23:15:10
От болбосо тутун болбойт дегендей журналистерда асмандан алып жазбайтда, негиз болгон бирок дадилдей албай соттон утулуп атышкандыр. Атамбаевдей адамдын жоруктарын жазган аздык кылат, жоопко тартыш керек.
+3
jbolotov
2018-05-03 23:16:19
Бекешов, Рыскелди Момбеков ж.б ушуга окшогондор Атамбаевдин жеке кошоматчылары окшойт.
+1
bond02
2018-05-03 23:16:55
ушул киши эч жакпайт мага, ким алып келген бул кишини депутатыкка.
+3
jazy
2018-05-04 01:04:02
Сага окшогон саткын кошаматчы саткындардын айынан кыргызстан онукпой жатат журналистер элдерге ак иштейт сага окшоп арам тамак менен акча таппайт эмне куносу учун кечирим сураш керек кыргызстанды карызга батырып элди кыйнаган жемкорлордон
+2
HAKER-KG
2018-05-04 03:50:39
Эч жакпайт ушу депутат
+1
muslim87
2018-05-04 23:49:07
Жазып койсо эле сотко беребериш керекпи ансыз деле эл билет кимдин ким экенин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан