Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу SUPER.KG порталынын жогорку кызмат адамдарынын жумушун сындаган журналисттерди сотко берүү туурабы деген соболуна жооп берди.
Нуракун уулу журналисттер мыйзамды эле эмес кесиптик этиканы да сактаса деген пикирде.
"Мени сындаганы үчүн журналисттерди сотко бергеним туура эмес деп ойлойм. Бирок чиновниктерди жалган-жалаа, так эмес фактылар менен караласа, сотко берсе болот. Ошондо да сот аркылуу журналистти же медиа мекемени биротоло сызга отургузуп, банкрот кылып жаап салуу максаты болбошу керек. Ага жөн гана акчалай жаза берилип, катасын көрсөтүп коюу туура болот. Камоо, репрессия кылуу аша чапкандык. Журналисттер мыйзамды эле эмес журналистикалык этиканы мыкты сакташы зарыл. Бирок учурда сөз эркиндигине карата кысым болгон бир эки факт катталды. Жалпылап алганда өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы жакшы эле", - дейт Нуракун уулу.
Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Рыскелди Момбеков, Каныбек Иманалиев жана журналист Нарын Айыптын пикирин төмөнкү шилтемеден окуңуз.