Журналист Нарын Айып SUPER.KG порталынын жогорку кызмат адамдарынын жумушун сындаган журналисттерди сотко берүү туурабы деген соболуна жооп берди.
Айыптын айтымында, чиновниктер сынды жалган-жалаа катары кабыл алат.
"Учурда адамдардын бири-бирин сындоого, пикир айтууга укугу бар. Ал эми жогорку кызмат адамдарына карата журналисттердин сынынын көбөйгөнү алардын көп ката кетирип жатканынан кабар берет. Жогорку кызматтагылар сындардан кутулуу максатында журналисттерди сотко берип жатышат. Биздин соттук ишти мисалга алсак, сотко себепчи болгон макалада сын бар, бирок калп жок. Калп болсо аны сотко берген тарап далилдеши керек. Чиновниктерди сындагандар кыйналып, ал эми мактагандар тынбай гезит, телеберүүлөрдөн чыгып жатат. Сынды болсо "жалаа" деп аташат. Журналисттер чиновниктерге айтылган сындарды саясатчыларга шилтеме берүү менен жазсак дагы бизди сотко берип келишет. Бул адилетсиздик. Коомдук пикирди жокко чыгарып, жасалма, таңууланган пикирди коомго таңуулаган туура эмес", - деди Нарын Айып.
Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Каныбек Иманалиев, Дастан Бекешев жана Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулунун пикирин төмөнкү шилтемеден окуңуз.