Парламенттин "Ата Мекен" фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев SUPER.KG порталынын жогорку кызмат адамдарынын жумушун сындаган журналисттерди сотко берүү туурабы деген соболуна жооп берди.
Иманалиев саясатка бара турган адам коомчулуктун сыны, назары астында болушу керектигин белгиледи.
"Биз саясатка келе жатканда эле коомчулуктун сыны, назары астында болушубузду сезишибиз керек. Кийген кийимибиз, жеген тамагыбыз, учкан учагыбызга чейин эл бизди карап турат. Ушул сыяктуу талаптарга, басымга, сынга даяр болгон адам гана саясатка, мамлекеттик жогорку кызматтарга келиши зарыл. Республикадагы депутат, министрлер баштаган 300дөй жогорку кызматтарда иштеген адамдардын тизмесин түзүп чыгуу зарыл. Тизмеге кирген адамдар эч качан журналисттерди сотко бербеши керек. Эл кызматына, маанилүү кызматка бара жаткандар ушундай жоопкерчиликти сезсин жана ушул талапка көнсүн. Ал эми журналисттер жөнөкөй адамдарды каралап, кадыр-баркына шек кетирип маалымат жазган болсо, аларды сотко берсе болот. Бирок журналисттер да кесипкөй жана калыс болушу керек. Алар акчага жалданып, ар кимди каралап жазганды токтотушсун. Баары коомчулуктун көзөмөлүндө болушу зарыл. Ал эми буга чейин сотко берилген журналисттердин окуясы бул басма сөзгө, сөз эркиндигине болгон кысым", - деди Иманалиев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Дастан Бекешев, журналист Нарын Айып жана Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулунун пикирин төмөнкү шилтемеден окуңуз.