Ташчайнардын 5 жаштагы шакирти 3 тонналык жол тандабасты 34 метр аралыкка сүйрөдү

Ташчайнар каймана аты менен белгилүү болгон Нурлан Алишеровдун 5 жаштагы шакирти өзгөчө өнөрүн көрсөтүп, 3 тонналык жол тандабасты 34 метр аралыкка сүйрөдү.

Окуя бүгүн, 3-майда Бишкек шаарындагы Панфилов атындагы сейил бактын жанында орун алды. Анда Нурлан Алишеровдун 5 жаштагы Нуркыргыз каймана аты менен чыккан шакирти Митсубиси Пажеро үлгүсүндөгү жол тандабасты 34 метр аралыкка сүйрөдү.

"Нуркыргыз - 5 жашта, Таластын Бакай-Ата районунан болот. Буга чейин бир жолу унааны тарттырып көргөнбүз, андан кийин ата-энеси көпкө чейин макулдук бербей жүрдү. Бүгүнкү күндө бетин жаап, ата-энесинин макулдугун алып, ушул өнөрүн көрсөтүп жатабыз. Өлкө башчыбыз Сооронбай Жээнбеков айткандай "биз бир элбиз, бир журтпуз, нукура кыргызбыз" деп жаш баатырыбызга Нуркыргыз деген каймана ат койдук", - деди ал.

Ошондой эле Нуркыргыз өзү 21 килограмм экенин жана келечекте кичинекей баатырдын талантын АКШда көргөзүү планы бар экенин кошумчалап өттү.

Ташчайнардын 5 жаштагы шакирти 3 тонналык унааны 34 метр аралыкка чейин сүйрөдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Atas
2018-05-03 18:01:23
ХХХХХХХХХ кичинекей бала минте албайт
-3
portugalia
2018-05-03 18:24:32
Боло турган ишти кылбайсынарбы?Судуроп,которуп койсо эле эмне озгорот?Балага оор жук тарттырганга болбойт ал осо турган бала да.
+4
Baku88
2018-05-03 18:47:33
Балага бирдеме берип анан судуротушкон го не может быть 5 жашар балага 3 тонналык машинаны сүйрогону. Тез чара коруш керек Ташчайнар акыл эси ордунда элеби кенедей балага машине судуротуп ата энеси деле кой дебейби
+2
Baku88
2018-05-03 18:49:29
Чара корулсун жоопко тартсын тиги ХХХХХХХХХХ Бели сөөгү ката элек балага машине судуротуп
-3
Osh2017g
2018-05-03 19:09:09
Жакшы болуптур. Бирок жалгандын дагы чеги болот да,жаш баланы жалган нерсеге туртпой.жип бош эле кетип жататко машинаны тартканда чыналатко.жэ силер машина суйроп коро элексинерби
+4
jibew
2018-05-03 20:10:03
Osh2017g, туптуура! Аркан бош эле кетип жатат. 3 тонналык машинаны 5 жаштагы бала эч убакта тарта албайт. Бир донгологун да которо албайт! Ташчайнар жарабайт бунун! Билинер билинбес ылдыйыш окшойт менимче.
+1
Zainidin96
2018-05-03 19:19:08
Мындай кылбаш керек бул деген али 5 жашта екен отоле жаш балага ушундай мамиле кылышабы тооба кылдым
0
nemo2016
2018-05-03 19:27:07
Кимге кандай мен учун бул бешиктен бели чыгалек балага зыяны тийетго соогу да катый элек балада эч нерсени тушуно бербейт тарт десе тарта берет
+1
Ma9
2018-05-03 20:08:15
жаш баланы кыйнабагылачы бели ката элек али бобукта
+3
gitaris93
2018-05-03 20:17:20
Тезинен Ташчайнарды молдого корсотуш керек кен
+1
King_Messi
2018-05-03 21:48:31
Бул чонойсо самёлот суйройт маладец уко кудай колдосун!!!
-1
bond02
2018-05-03 23:14:32
койсонорчу ушунанырды жаш баланы кыйнап, бул бала силерге эмне Кытайдын кичинекей тракторубу.
0
1Adilet1
2018-05-04 02:48:13
Мен 3 тонна сүйрөй албайм жашым 20 да
0
tursunbaev78
2018-05-04 04:02:56
1Adilet1,Таш чайнарга шакирт түш,30 тоннаны сүйрөйсүң
-1
Gulu.96
2018-05-04 08:16:48
Азаматсын куддайым куч кубат берсин
0
Krai
2018-05-04 08:52:04
А эмнеге козун жаап койгон Тата уландын баласыбы эмне кылсанар да козунорду жаппагылачы
0
Parish
2018-05-04 09:53:55
Аззамат жигит экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан