Бүгүн, 3-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Бүгүн Басма сөз эркиндигинин бүткүл дүйнөлүк күнү. Буга байланыштуу Кыргыз мамлекетиндеги медиа уюмдар президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдошту. Мындай кайрылуу жолдоого үмүт позитивдүү жылыштар байкалган соңку окуялардан улам жаралды.
“2017-жыл президенттин аброюна шек келтирди деп башкы прокурордун журналисттерге, массалык маалымат каражаттарына каршы берген баш-аягы 60 миллион сомго жеткен доо арыздары менен эсте калды. Бул доо арыздар “Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери тууралуу” мыйзамына таянуу менен мүмкүн болду. Прокуратура жыйынтыгында мыйзамдуулукту көзөмөлгө алган мамлекеттик органдан цензуралык органга айланды”, - деп жазылат кайрылууда. Кайрылууда бардык эле кесипте “менмин” деген иш билгилер тарабынан, анын ичинде журналистикада да катачылыктар болуп турары айтылат. “Бирок жоопкерчилик ченем принцибине жана демократиялык коомчулуктагы муктаждыкка ылайык келиши керек. Жазанын пропорционалдуу эместиги журналисттерди коомго маанилүү маалыматты жеткирүүдө карманууга, өзүн чектөөгө алып келет”, - деп уланат.
Эске салсак, 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча “Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму түзгөн Сөз эркиндигинин индексинде Кыргыз өлкөсү 180 мамлекеттин ичинен 89-орунду ээлеген. Андан мурдагы жылы 85-орунда болчу. Көрсөткүчтүн начарлашын эксперттер “бийлик тараптан журналисттерге карата соттук териштирүүлөр сөз эркиндигинин абалын кыйындатат” деп түшүндүрүшкөн.
Медиа уюмдар мамлекет башчысынан “Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери тууралуу” мыйзамына карата өз позициясын ачык билдирүүгө чакырууда. Буга байланыштуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева “президент Сооронбай Жээнбеков сөз эркиндигин муунтпайм деп айткан, медиа уюмдардын кайрылуусуна карата позициясын мамлекет башчы өз кадамдары менен көрсөтүүдө” деп жооп берди.
Медиа чөйрөсүндөгү соңку окуяларга келсек, кечээ, 2-майда Жогорку Cот журналист Нарын Айыпка салынган айып пулду бөлүп төлөө өтүнүчүн кайрадан карап чыгуу чечимин кабыл алып, ишти артка кайтарды. Буга чейин Жогорку Сот 23-апрелде Дина Маслованын жана 19-апрелде Чолпон Жакупованын ишине карата да ушундай эле чечим чыгарган болчу. 28-апрелде журналист Элнура Алкановага карата Финпол тарабынан козголгон эки берене боюнча кылмыш иши токтотулган. 24-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев интернеттеги пикирлер үчүн элди жоопко тартуу мыйзам долбоорун чакыртып алган. Ал эми 17-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков журналист Кабай Карабековго салынган 5 миллион сомдук айыптан баш тарткан. Президент Карабековдун макаласын жарыялаган “24 кг” сайтына карата 5 миллион сомдук доодон да баш тарткан болчу.
Бул окуялардан кийин Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюму Кыргыз мамлекетинде сөз эркиндиги үчүн позитивдүү өзгөрүүлөр болуп жатат деп билдирди. ЕККУнун ЖМКлардын эркиндик маселелери боюнча өкүлү Арлем Дезир Сооронбай Жээнбековдун доодон баш тарткандыгы мамлекеттик аткаминерлер үчүн маанилүү үлгү деп атады. “Өлкөдө ЖМКлардын эркиндигин камсыздоо үчүн дагы көптү жасоо керек. Бул позитивдүү тенденциянын уланышы маанилүү”, - дейт Арлем Дезир.
Сөз эркиндиги демократиялык баалуулуктардын башатында турат. Учурда өлкө башчысы негизги максаттардын бири катары алдына койгон коррупцияга каршы күрөштө да коомчулукка маалымат жеткирүүдө журналисттердин салымы чоң. Азыркы кадамдарына караганда президент муну түшүнүп турат...
"Түндүк-түштүк" маселесин таңуулап, элди козутууну көздөп жаткандарга чара көрүлөт". Бул тууралуу бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда айтты. Мамлекет башчы акыркы күндөрү "Жээнбеков кландык бийликти орноткону жатат" деген пикирди коомго сиңирүү аракети күчөп жатканын белгиледи. "Ыгы келсе да, келбесе да чагымчыл максатта "түндүк-түштүк" маселесин көтөрүп жаткан топтор бар. Андай маселени таңуулагандарды - элибиздин ынтымагын ичтен иритип, өзүнүн бузуку саясатын жүргүзгүсү келгендер деп баалайм. "Түндүк-түштүк" маселесин жабыштырып, жок жерден таңуулап жаткандарга чара көрүлөт", - деди өлкө башчы.
Президент Сооронбай Жээнбеков 17-мартта Аксы окуясына байланыштуу кайрылуусунда “элибиз кландык башкарууга жол бербейт” деген. Ушул эле күнү Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев өлкөдө үй-бүлөлүк башкарууга жол ачылбашы үчүн президенттин иниси Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырышы керектигин айтып чыккан. 31-мартта КСДПнын курултайында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өмүрүнүн акыркы 10-20 жылы өлкөдө үй-бүлөлүк-кландык башкаруу болбошу үчүн күрөшүүгө кеткенин билдирип, “мен бүт аракетимдин текке кетишин каалабайм, Сооронбай Шарипович муну түшүнөт” деген. Кийин 5-апрелде мамлекет башчы Апрель окуясынын катышуучулары, жабыр тарткандар жана курман болгондордун үй-бүлөлөрү менен жолугушууда “президент катары мен үй-бүлөлүк-кландык башкарууга жол бербейм” деди. Соңку айлар ичинде “Сооронбай Жээнбеков үй-бүлөлүк-кландык башкарууну күчөтөт” деген “кооптуу” жоромолдор байма-бай жайылтылып, элди чочулатуу ишке ашкан жок. Ал жоромолдор акырындык менен “түндүк-түштүк маселесине” айланып, эми чабуул трайбалисттик багытка өткөнү көрүнүүдө...