ЖЫЛНААМА, 4-МАЙ: Жогорку Кеңештин депутаты Бахадыр Сулейманов 55 жашка толду

Жогорку Кеңештин депутаты Бахадыр Сулейманов 1963-жылдын 4-майында Казакстан Республикасынын Жамбул облусундагы Жалпак-Төбө айылында туулган.

Ал 1985-жылы Новосибирь институтун "Коомдук тамак-аштын технологиясы жана уюштуруу" адистиги боюнча бүтүргөн. 1997-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридика факультетин аяктаган.

Эмгек жолун 1985-жылы Талас облусунун Киров нан комбинатынын өндүрүш башчысы болуп иштөө менен баштаган.

1986-1989-жылдары Киров коомдук тамактануу бирикмесинин өндүрүш башчысы;

1989-1991-жылдары Чүй облусунда керектөөчүлөр бирлигинин директорунун орун басары;

1991-2001-жылдары Кантта дүң-чекене жашылча-жемиш даярдоо кеңсесинин директору;

2001-2003-жылдары өкмөткө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары;

2003-жылы болсо аталган комиссиянын төрагасы;

2007-жылы Жогорку Кеңештин аппаратынын Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кызматкери;

2011-2015-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты;

2015-жылы "Ата Мекен" социалисттик партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.

4-майга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан