Мексикада 5-шаар башчы атып өлтүрүлдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 3-май күнү Мексиканын Идальго штатында жайгашкан Пакула шаарынын мэри атып өлтүрүлгөн. Шаар башчысы Алехандро Гонсалес Рамос унаасы менен кетип бара жатып мотоциклдин жанында жерде жаткан айдоочуну көргөн. Айдоочуга жардам берүү үчүн анын жанына келген мезгилде жерде жаткан белгисиз адам ага 3 жолу ок чыгарган. Рамос окуя болгон жерден көз жумган.
Айта кетсек, 2017-жылдын октябрь айында Колима штатындагы Икстлауакан шаарынын башчысы да өз унаасында атып өлтүрүлгөн. Ошол эле күнү Мичокан штатында орун алган Коалькоман шаарынын мэрине кол салуу болуп, бактыга жараша, ал тирүү калган. Ал эми ошол эле жылдын ноябрь айында Идальготитлан шаарынын башчысы өз үйүндө атып өлтүрүлгөн.
Ошондой эле 2018-жылдын апрель айынын ортосунда Тланепантлы жана Хилотлан-де-лос-Долорес шаарларынын башчылары дагы атып өлтүрүлгөн. "France Presse" маалыматтык агенттигинин эсептеп чыкканына таянсак, Мексикада 2018-жылдын 1-кварталы акыркы 20 жылдын ичиндеги эң көп адам өлтүрүү фактысы катталган квартал экени аныкталган.