Атамбаевге миллиондогон сом төлөөгө милдеттендирилген журналисттер Бириккен улуттар уюмуна даттанды

Алмазбек АтамбаевЭкс-президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркын коргоо үчүн берилген 5 доо арыздын бири боюнча Бириккен улуттар уюмуна кат жолдонду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына журналист Нарын Айып билдирди.

Анын айтымында, учурда БУУга жөнөтүлүүчү кошумча каттар даярдалууда. "Башкы прокуратура тарабынан бизге карата берилген 5 доо арыздын бири боюнча Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча комитетине кат жолдонду. Эрежеге ылайык, БУУга кайрылуу үчүн соттук иш өлкөдөгү бардык инстанцияларда каралып бүтүшү керек. Биздин ишибизди Жогорку Сот да караган. Өлкөдө башка даттануучу орган калган жок", - деди Айып.

Нарын АйыпАйта кетсек, 2017-жылы Башкы прокуратура экс-депутат Чолпон Жакупованын сөз эркиндиги боюнча жыйында сүйлөгөн сөзү үчүн жана "Заноза" сайтында жазылган материал боюнча ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирди деп сотко кайрылган. Башкы прокуратура "Занозанын" башкы редактору Дина Маслова, сайттын түзүүчүлөрүнүн бири Нарын Айып, Чолпон Жакупова жана "Заноза" сайтына 3 миллион сомдон доо койгон. Жалпы доонун баасы 12 миллион сом болгон. Райондук, шаардык жана Жогорку Сот да доо арызды канааттандырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
murgab2014
2018-05-04 11:48:40
Кечип эле жиберсе болмок
0
toktor89
2018-05-04 18:40:54
murgab2014, аша ага каша жасайтта
+1
jalgyzymsyn
2018-05-04 12:08:01
Журналисттер чындыкты айткан.
+15
nemo2016
2018-05-04 12:24:39
Кадыр баркы деп кадыр баркы калган беле
+10
Aidar151080
2018-05-04 12:39:28
ПРЕЗИДЕНТибиз ушундай кылса, биз дагы жүргөн экенбиз да. Кээ бирибиздин кадыр баркыбыз тебеленип эле калып жатат. Аны айтып чыгышпайт
+6
cyrus
2018-05-04 13:37:41
Дача Суудагылар да даттансын анда (БУУ) кайрылып, ошончо адамдын омурун алган кырсык жоопсуз калып кете береби. Контрабандалык товар кимге тийешелуу экендигин элдин баары билет.
+11
fantomas
2018-05-04 13:41:26
Атамбаев кечирим сурашы керек элден, ошондо ла аны кечирип болбойт... Атамбаевди кытайларга кармап берсенер, андан бери болгондо бир миллиард доллар кустуруп алмак кытайлар... Биз болсо журобуз, Сокенин духу жетет бекен чара корууго деп... Соке кайдан чара корсун, аеы такка алып келген адамына.....
+9
PROS
2018-05-04 19:37:04
БУУ кой терисин жамынган карышкыр да. Силердин сөзүңөр айтылган жерде калат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан