Төө буурчактын баасы 3 айдын ичинде 100 сомдон 40 сомго түшүп калды. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда өлкөдө төө буурчактын баасынын арзандап кетишинин себептери тууралуу маалымат жыйында төө буурчак ассоциациясынын өкүлү Эмир Парпиев билдирди.
"Төө буурчактын 3 ай мурунку баасы 100 сом болчу, учурда 40 сомдон сатылат. Дүйнөлүк базарда да товардын мынчалык арзандаганы кездешкен эмес. Муну мамлекеттик деңгээлде көзөмөлгө алыш керек болчу", - деди ал.
Ал эми жыйындын дагы бир катышуучусу Анаркүл Беккулиева учурда төө буурчакты чет жактарга өткөрүүгө аракеттер көрүлүп жаткандыгын айтып өттү.
"Дүйнөдө төө буурчак өндүргөн ири өлкөлөр бар. Баанын арзандашына мунун да таасири тийиши мүмкүн. Ошентсе да учурда бизден өндүрүлгөн төө буурчактарды башка өлкөлөргө өткөрүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Буюрса, бул маселе жакын арада чечилет деген үмүттөбүз", - деди ал.