Жерге жыл сайын бир эле үрөн себүүдөн түшүм "оорулуу" болуп калышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда өлкөдө төө буурчактын баасынын арзандап кетишинин себептери тууралуу маалымат жыйында катышуучулардын бири Жигиталы Жумалиев билдирди.
"Өлкөдө төө буурчак эгүү 1990-жылдары башталган. Ал эми Таласта 10-13 жылдан бери тынбай өндүрүлүп келет. Жерге жыл сайын бир эле үрөн себе берсе, түшүм "оорулуу" болуп калышы мүмкүн. Мунун алдын алуу үчүн көптөн бери бир үрөн себилген жерлерге башка жашылча-жемиштерди өстүрүп, жерди тыныктырып туруу кажет", - деди ал.