Кыргыз элине бир келген теңдешсиз улуу талант, мезгилдин кири да, жамандыгы да жукпаган таза адам Эстебес Турсуналиев 1931-жылы 5-майда Талас облусуна караштуу Манас районунун Арал айылында туулган. 9 жашында комуз чертүүнү үйрөнүп, 12 жашында өздүк көркөм чыгармачылык ийримине, райондук, облустук жана республикалык кароолорго катышкан.
Акындын өзүнүн көзү тирүү кезинде айтып кеткен маалыматтарга ылайык, атасы Турсуналы комузда кол ойноткон өнөрпоз адам болсо, апасы Арпаян ыгы келгенде созолонто ырдап, кошок кошуп, кыз-келиндердин арасында аты таанымал киши болгон.
бармактай бала кезинен залкар төкмөлөр Калык, Осмонкул, Алымкул, Ысмайыл, Шабданбайдын, улуу комузчулар Карамолдо, Ыбырай, Чалагыздын, алп манасчылар Саякбай, Молдобасан, Шапактын, айтылуу обончулар Муса, Жумамүдүн, Бектемирдин чөйрөсүнө аралашат. Эстебес Турсуналиев алардан нөшөрлөнтө төккөн төкмөчүлүктү, таңшыта черткен комузчулукту, күпүлдөтө айткан манасчылыкты, оболото созгон обончулукту үйрөнөт.
Акындын бир нече ыр китептери жарык көргөн. Ошондой эле ал тасмаларда роль жаратканга жетишкен. Эстебес Турсуналиев Токтогул Сатылганов атындагы сыйлыктын лауреаты, "Ардак белгиси" ордени жана медалдар менен сыйланган.