ЖЫЛНААМА, 5-МАЙ: Конституциянын кабыл алынганына 25 жыл толду

Жогорку Кеңештин 1993-жылы 5-май күнү өткөн 12-сессиясында Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынган.

Конституция Франциянын варианты менен алынып, Кыргыз өлкөсү парламенттик-президенттик башкаруу формасына өтүп, күчтүү парламент түзүлгөн. Кыргыз ССРинин 1978-жылы кабыл алынган Конституциясы күчүн жоготкон. Конституция долбоорун даярдоого Кыргыз жана эл аралык эксперттер тартылып, адистердин айтымында, Баш мыйзам дүйнөлүк талаптарга, демократиялык принциптерге толук жооп берген.

2016-жылдын 11-декабрында Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтүп, анын жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясы 22-декабрда чыгарган. Референдумга добуш берүүчүлөрдүн 42,28 пайызы катышкан, алардын 79,63 пайызы "макул" деп добуш берген.

Конституция кабыл алынгандан бери 9 жолу өзгөртүлгөн. Өлкөнүн туңгуч президенти Аскар Акаевдин убагында 4 жолу, ал эми экинчи президент Курманбек Бакиевдин тушунда 3 ирет толукталып, өзгөртүлгөн. Баш мыйзамды улам өзгөртө берүү эл арасындагы нааразычылыктарды пайда кылып, революциялардын коштоосунда президенттердин өлкөдөн качып чыгышы менен аяктаган. 2010-жылы Бакиев бийликтен кулатылгандан кийин шашылыш түрдө жаңы Конституция кабыл алынып, 2020-жылга чейин өзгөртүүгө мораторий киргизилген.

Алмазбек Атамбаев президенттикке келгендин алгачкы жылдарында жаңы Конституция жазуу адаты токтотулушу керек дегени менен, кийинчерээк Баш мыйзамды өзгөртүүгө кирише баштаган. 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттары ант берген маалда да Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү керектигин айткан. Ошол эле жылдын сентябрь айында Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору демилгеленген. Оппозиция, укук коргоочулар, саясий серепчилер Баш мыйзамдын күчүн бекемдөө үчүн 2010-жылы киргизилген мораторийге таянып, референдум өткөрүү сунушун колдошкон эмес. Мыйзам долбоору 3 айдан ашык талкууланып, 2016-жылдын 11-декабрында референдум өтүп, Баш мыйзам кайра өзгөртүлгөн.

5-майга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан