Шашылыш билдирүү! 6-7-май күндөрү жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 6-7-майга карата шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматта республика аймагында алдыдагы күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлүп, өлкөнүн тоолуу аймактарына кар түшөрү айтылган. "6-7-май күндөрү түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

6-майда Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында, 7-майда Ысык-Көл облусунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр болуп, Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында 17-22 метрге жетиши мүмкүн.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат", - деп айтылат ӨКМнын билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tunerbei1812
2018-05-04 18:15:05
Кудай сактасын, боодо кырсыктан.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан