Бишкекте Улуу Жеңиштин 73 жылдыгын утурлай иш-чара өттү

Бүгүн 4-майда Бишкек шаарындагы Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү. Аталган иш-чарага Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлери, ошондой эле Ленинград блокадасынын катышуучулары, андан сырткары шаар тургундары катышты.

Иш-чаранын ачылышы Ленинград блокадасында курман болгондорго арналып тургузулган эстеликке гүлчамбар коюу менен башталды. Андан соң Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни жаңырып, сөз кезегин шаар башчысы Албек Ибраимов алып, ардагерлерге куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

“Урматтуу ардагерлер, Ленинград блокадасынын катышуучулары жана ооруктун ардагерлери сиздерди өзүмдүн атымдан жана Бишкек шаардык мэриясынын атынан келе жаткан улуу Жеңиш майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Сиздер каармандыктын жана баатырдыктын чыныгы үлгүсүн көрсөткөнсүздөр. Сиздердин эрдигиңиздер ар бир келечек муундун жүрөгүндө сакталуу бойдон калат. Аталар, апалар сиздерге бекем ден соолук бактылуу карылык каалайм, эч качан оорубаңыздар. Майрамыңыздар кут болсун, сиздерге ар дайым таазим кылабыз”, - деди шаар башчысы.

Андан соң Улуттук Гвардиянын жоокерлери тарабынан асманга залп атылып, иш-чара концерттик программа менен коштолду. Иш-чаранын жүрүшүндө Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы Ленинград блокадасы тууралуу бир катар маалыматтар айтылды. Ага ылайык, Ленинград блокадасы 1941-жылдын сентябрынан башталып дээрлик 900 күнгө созулган. Шаарды немистик күчтөр курчап, Ладожское көлү аркылуу гана жалгыз каттам калган. Бирок ал шаар калкын толук камсыздай алган эмес. Натыйжада миңдеген адамдар ачкадан кырылып, экинчи жагынан суук катуу кыйнаган. Согуштун алдыңкы сабындагы жоокерлерге күнүнө 500 грамм нан, жумушчуларга 250 грамм нандан башка тамак болгон эмес. Айрым маалыматтар боюнча Ленинград блокадасынан бир жарым миллионго жакын адамды жоготуу болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан