Эдил Байсалов: "Ушул конституцияны туу тутушубуз керек деген терең жаңылыштык"

Учурда коомчулукта Баш мыйзамды өзгөртүү керек деген сунуштар айтыла баштады. Буга байланыштуу "Конституцияны кайра өзгөртүү керекпи?" деген собол жаралды. Бул суроого коомдук ишмер, активист Эдил Байсалов төмөнкүдөй жооп берди.

"Биз азыр 2010-жылы кабыл алынган, 2016-жылы өзгөртүлгөн Конституция менен жашап жатабыз. Муну биз парламенттик демократия деп жатабыз, бирок бул Баш мыйзам демократияны, бекем системди кура алган жок, бул нерсени Конституциянын автору Өмүрбек Текебаев дагы танбайт. Көптөгөн катачылыктар бар, "ушул Конституцияны туу тутушубуз керек" деген терең жаңылыштык. Ошондуктан 3-4 жыл терең талкуулап, оңдоо киргизсек орундуу иш болот, катачылык болуп жатса, эмнеге оңдоого болбосун.

Парламенттик системди көрдүк, мен мисалы, парламентти элдик орган катары кабыл албайм, ишенбейм. Муну байлардын акционердик коому катары кабыл алсак болот, булар бир канча ирет элдин кызыкчылыгына каршы чыгышкан. Ошондуктан элдик орган болуп, элдин кызыкчылыгын актайт деп ишенбейм.

Учурда парламенттик шайлоодо партиялар үчүн 9 пайыздык чекти коюп коюшту, бул байлардын бийликти колуна топтоп алуусуна алып келди, мындай системде чыныгы элдик өкүл келе албайт. Биз эл өзүнө жаккан гана талапкерге добуш бере ала турган системди киргизишибиз керек, партиянын тизмеси ачык болуш керек. Ошондой систем кире турган болсо, эл тизмеден карап өзү колдогон талапкерге добуш бере алат. Ошондо алдыңкы тизмеде турган талапкер эмес, көп добуш алган, элге иштеген чыныгы эл өкүлү шайлануусуна жол ачылат. Ушундай өзгөртүүлөрдү киргизбесек, парламент эч качан элдик парламент болуп, эл үчүн иштебейт", - деди Байсалов.

Ушул суроо боюнча депутаттар Каныбек Иманалиев, Мирлан Жээнчороев, юристтер Кайрат Осмоналиев жана Атыр Абдрахматованын пикирлери бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан