Мирлан Жээнчороев: "Азыр Баш мыйзамды өзгөрткөнгө болбойт"

Учурда коомчулукта Баш мыйзамды өзгөртүү керек деген сунуштар айтыла баштады. Буга байланыштуу "Конституцияны кайра өзгөртүү керекпи?" деген собол жаралды. Бул суроого Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев төмөнкүдөй жооп берди.

"Конституцияны өзгөртө турган болсок, 2020-жылы жасаш керек болот. Биз бул мыйзамды былтыр кабыл алдык. Аны карап чыгышыбыз керек, кайсы жери иштеп, кайсы жери иштеген жок. Иштеп баштаганына бир жыл өтө элек, өзгөртө берүүнүн ордуна биринчиден мыйзамдын иштешин көзөмөлдөшүбүз керек. Эгер өзгөртөбүз деген сунуштар көтөрүлсө, биз ал сунуштарды карап чыгышыбыз зарыл. Айрымдар президенттик башкаруу кылабыз десе, айрымдар башканы айтып жатат. Бул нерселер өзгөртүүгө негиз боло албайт. Биз азыр парламенттик багытка түшкөнбүз. Менин оюмча, Конституцияны азыр өзгөрткөнгө болбойт", - деди Жээнчороев.

Бул суроо боюнча депутат Каныбек Иманалиев, юристтер Кайрат Осмоналиев менен Атыр Абдрахматова жана коомдук ишмер, активист Эдил Байсаловдун пикирлери бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан