Атыр Абдрахматова: "Конституцияны өзгөрткөндө кайсы бутакка кандай укук тийди деп өзгөртүү туура эмес"

Учурда коомчулукта Баш мыйзамды өзгөртүү керек деген сунуштар айтыла баштады. Буга байланыштуу "Конституцияны кайра өзгөртүү керекпи?" деген собол жаралды. Бул суроого Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, юрист Атыр Абдрахматованын жообу төмөндө айтылат.

"2020-жылга чейин Баш мыйзам өзгөртүлбөсүн деген берене бар. Өзгөртүү боюнча сунуштар түшө турган болсо, ошол тармактагы адистер менен сүйлөшүп, кызыкдар болгон бардык тараптар менен талкуулап чыгышыбыз керек. Өзгөртүүгө татыктуу болгон сунуш болсо, өзгөртүп же болбосо эмне үчүн өзгөртпөй турганын ачык айтып, ишти ачык жүргүзүш керек. 3-4 жыл аралыгында эле Конституциянын өзгөрүшү бул туруксуздук болуп, мамлекеттик түзүлүшкө, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет. Ошол себептен Баш мыйзамдын туруктуу болушуна жаран катары да, юрист катары да кызыкдармын. Бирок 2016-жылы, тилекке каршы, референдум аркылуу өзгөртүүлөр кирип кеткен.

Конституцияны өзгөрткөндө кайсы бутакка кандай укук тийди деп эмес, элдин кызыкчылыгын аткарабы, ошого маани бериш керек. Биздин бийлик башындагы адамдар жана жол баштаган адамдар биригип, ынтымакка келип, бир нукка түшүү жолун аныктап, анан элге "ушул багытты тандадык" деп сунушташ керек, андан кийин гана Баш мыйзамды ошого карап өзгөртүш керек. Биринчи Баш мыйзамды өзгөртүүдөн эмес, өткөн-кеткен тарыхка баа берип, андай нерселер кайталанбай турган жолго түшүүнү башташыбыз керек", - деди Абдрахматова.

Ушул суроо боюнча депутаттар Каныбек Иманалиев, Мирлан Жээнчороев, юрист Кайрат Осмоналиев менен коомдук ишмер Эдил Байсаловдун пикирлери бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан