Ош шаарында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгын белгилөөгө даярдык жүрүүдө

"9-май күнү саат 8:30да Ош шаарында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы "Өлбөс, өчпөс полк" менен башталат", - деп Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ленин көчөсүндө жайгашкан "Келечек" балдардын чыгармачылык борборунан тарта борбордук аянт аркылуу өчбөс отту көздөй согуш ардагерлердин, эки миңге чукул активисттердин, жаштардын, шаардыктардын катышуусунда жөө жүрүш болот. Акциянын жүрүшүндө айрым көчөлөр убактылуу жабылат.

Өчбөс отко келген соң Ош шаарынын жана Ош облусунун мамлекеттик бийлик жетекчилери ардагерлер менен биргеликте эстеликке гүл чамбар коюшат. Ошондой эле асманга ок атылат.

Жалпы согуш ардагерлери, бийлик өкүлдөрү борбордук аянттан орун алгандан кийин саат 10:00дө согуш ардагерлерине сый-урмат көрсөтүлүп, Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына арналган согуш темасын камтыган театрлаштырылган оюн-зоок, спектаклдер көрсөтүлөт. Согуш ардагерлери үчүн аскер бөлүктөрүнүн талаа ашканасы тарабынан даярдалган солдаттык сый тамак берилип, ыр-бий тартууланат.

Саат 12:00дөн тарта Сай-Бою көчөсүндө жайгашкан жайкы сахнада майрамдык чоң программадагы концерт шаардыктарга, келген конокторго тартууланат.

"Майрам күнү шаардыктар үчүн спорттук иш-чаралар уюштурулуп, бардык эс алуучу жайларда элдик майрамдоо болот. Ал эми учурда Ош шаарында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгын жогорку деңгээлде өткөрүүгө кызуу даярдык жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан