Бүгүн, 5-май күнү таңкы саат 5:21 чамасында Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөөнүн күчү очогунда 3,5 баллга жетти.
Анын очогу Жалал-Абад шаарынан 30 чакырым түндүк-чыгышта, Кара-Чолок айылынан 5 чакырым, Таран-Базар айылынан 7 чакырым түштүк-батышта орун алган.
Жер титирөөнүн күчү Михайловка, Кара-Чолок айылында 3 балл, Таран-Базар, Сары-Булак, Ор-Казган жана Саты айылдарында 2,5 баллга жеткен.