Сооронбай Жээнбеков Назарбаев менен телефон аркылуу эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттик аппараттан 5-майда кабарлашкандай, алар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну талкуулашты.

Ошондой эле сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында өз ара кызматташууну бекемдөө маселелерин дагы кеп кылышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан