Шөкөттөлгөн боз үй, кийиз буюмдар жана ат үстүндөгү азаматтар... Алайкуудагы фестивалдан сүрөттөр

Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндө эки күнгө созулган “Алайкуу-2018” этно-фестивалы аягына чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG'ге фестиваль орун алган Сай-Талаа айылынын тургуну Байышбек Эргешов кабарлады.

Анын билдиришинче, фестивалдын биринчи күнүндө келген конокторду тосуп алып, жергиликтүү эл менен тааныштыруу орун алды. Ал эми 5-май күнү ыр-бий, белгиленген убакытта улуттук тамак-аш даярдоо, кийизден сувенирдик буюмдарды жасоо, боз үй тигүү боюнча сынактар уюштурулду. Андан сырткары көк бөрү, күлүк чабыш, оодарыш, кыз куумай оюндары да орун алды.

"Ар бирине өз-өзүнчө байге коюлуп, иш-чара өтө кызыктуу өттү. Жалпы 20дан ашык боз үй тигилип, кийизден жасалган буюмдар, улуттук тамак-аштар эл алдына тартууланды. Жергиликтүү тургундардан сырткары республиканын бардык аймактарынан жана чет элден келген коноктор күбө болушту. Көк бөрү оюнунан биздин Сай-Талаа айылынын жигиттери биринчиликти алып, баш байгеге ээ болушту", - деди Эргешов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
age88
2018-05-06 00:41:31
Эн жакшы денгелде откону корунуп турат барбол менин кыргыз элим, бар более менин туулган жерим!
+3
Bulak25
2018-05-06 06:34:56
жер когоруп жаз келе элекго
0
toktor89
2018-05-06 10:23:08
Bulak25,Алайкуу тоолу аймак ошондуктан ал жакта кечираак жаз келет
+2
aziret-92
2018-05-06 06:57:26
Карагылачы ай аталарыбызга калпак,апа,эже-карындаштарыбызга жоолуктун жарашканын.
+3
fantomas
2018-05-06 13:36:24
aziret-92, ушуларды дамбал-ыштан, хиджап кийгендер коруш керек эле.....
0
nurik-jami
2018-05-06 16:15:50
Алтын айылым! Мындан да жогору болуп оркундой бер!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан