Жаңы Зеландияда ферма жайгашкан жерлердин биринде тереңдиги 6 кабаттуу үйдүн бийиктигине барабар болгон жердин жаракасы пайда болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып, анын узундугу 2 футбол аянтчасына барабар экенин белгилешкен.
Жарака бул аймактагы тынбай жааган жаандан жана жердин чөгүп кеткенинен пайда болгон. Ферманын башчысы Колин Тремейн мындай жарака 30-апрелден тартып пайда боло баштаганын билдирген. Бул жараканы жергиликтүүлөр "Томо" деп атап алышкан. Кеңдиги жана тереңдиги 20 метрге, узуну 180 метрге жеткен "Томону" адистер тогуз жараканын ичинен чоңдугу боюнча 2-орунда турарын айтышкан.