Президент "Саякбайды" көрдү. "Буга чейинки президенттер тасма көрүүгө келчү эмес" дейт тасма режиссёру

Президент Сооронбай Жээнбеков 5-май күнү "Манас" кинотеатрынан "Саякбай" тасмасын көрдү. Бул тууралуу SUPER.KG'ге тасманын режиссёру Эрнест Абдыжапаров кабарлады. Анын айтымында, буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге да тасманы көрүү сунушталып, бирок ал көргөн эмес.

"Былтыртан бери "Саякбай манасчы" эл аралык фондунун президенти, Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Саматбек Ибраев мурдагы президент Алмазбек Шаршеновичке тасманы көрсөтүүгө аракет кылып келген. Бирок ал киши көрбөй койгон. Бир айга жетпеген убакыт мурун төрага Дастан Жумабеков көрүп кеткен. 5-май күнү Саматбек Ибраев мага телефон чалып, президент Сооронбай Жээнбеков тасманы көрүүгө макул болгонун айтты. Ошентип президент тасманы "Манас" кинотеатрына атайын өзү келип көрүп кетти. Бул бизге аябагандай жакшы саамалык болду. Анткени буга чейинки президенттер тасма көрүүгө келчү эмес. Сооронбай Жээнбековдун бул аракети бизге чоң шык жаратты.

Андан сырткары, 3-май күнү Ысык-Көл облусуна болгон иш-сапарында Тоң районунан жолугушуп, Тоң жергесин райондук администрация эмес, маданий корукка айландыруу боюнча сөз кылдым эле. Ал киши жактырды. Себеби бир канча жылдан бери ушул демилгени көтөрүп келдим. 14 жыл мурун Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан мыйзам долбоору сунушталып, бирок өтпөй калган. Мына ушул демилге да ишке ашып калат деген үмүт пайда болду", - деди режиссёр Абдыжапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Asanovna1805
2018-05-06 11:45:14
Эл менен эл болгон,жонокой президент
+58
Bulak25
2018-05-06 11:49:59
Урматтуу президент коп жашап, кыргыз элинин келечегин туздоп бериниз!
+42
fantomas
2018-05-06 12:08:11
Bulak25, очпогон умут да эми силердики...

Бакиев бийликке келгенде сага окшоп ага умут арткандар коп болгон. Атамбаевке тем более, мына мына жашоо онолот деп... Акталдыбы ошол умуттор?!! Мейли Сокенин Кара-Кулжалык жердештери менен кошоматчылары каалаганча минус бассын, андан чындык озгорбойт... Сокенин кантип такка келгенинен кабарынар барбы?!! Коркутуу-уркутуулор, шайлоодо чон муштум зоокурлору, ачык эле добуш сатып алуулар, миллиондогон жарандардын шайлуу укугунун чектелиши
-28
Dembele84
2018-05-06 13:06:32
fantomas,Элди уркутуп келдиби,коркутуп келдиби ал убакыт отту уже,алдыга карай жылыш керек.Мындан ары да ыйманы менен эл учун олконун онугушу учун иштеп берсе,кыргыз элинин умуту ошол.Азыркы баштаган иштери жаман эмес,атмбаевдин сасыткы командасынан эми аран кутулуп жаны окмот тузуп иштей баштады.Куздо коробуз эмнелерди кылганын,ошондо баа беребиз.Корутунду чыгарганы али эрте.
+7
fantomas
2018-05-06 13:10:16
Dembele84, айтканын туура, кошуламын. Бирок иштейм деген адам кадр маселесине конул бурат. Азыркы Окмоттун курамын кара, дээрлик баары эле мурункулар. Эртен эле куз келет, ошондо да жарытып иш кылышпаса, убакыт бериш керек деп чыгышат бийликтин Арзыматтары...
+1
Nanei
2018-05-06 20:38:24
fantomas,туура,калет соз
-2
fantomas
2018-05-06 12:16:30
Bulak25, Элибизде болоор бала б....н дейт, Соке 20 жыл саясатта журуп эл учун бир кызматы эсте калбады эле. Ал Окмотту жетектеп турганда да жакшы иш жасалбады эле, "кандуу" контрабандалык жук боюнча териштируу жургузуунун ордуна басты басты кылып, ошол нерсени элге айтып чыккан Текебаев камалды, Садыр Жапаров камалды. Алар мына бугун да турмодо отурушат...

Сокенин президент болуп иш баштаганына 6 ай болду, 6 айда кадр алмагтыргандан башка эмне иш кылды Жээнбеков?!!
-4
KGstan1981
2018-05-06 12:06:13
Эми бул байкуш Атамбаевти дагын тушунсок болот.Атамбаев озуну тим эле болбой жылдыз эсептеп клип чыгарам,ыр чыгарам деп колу бошобосо керек))))
+15
KGstan1981
2018-05-06 12:08:11
Урматтуу Сооронбай Шарипович.Жума Намазыныз кабыл болсун!Ылайым Ак Жолтой президент болунуз!
+9
bond02
2018-05-06 12:15:51
эми бир наам берип калабы деген ой да.
-2
make2
2018-05-06 16:06:41
Анан көрө көрүнүктүү бир иш кылса болмок 8 ай өттү
-3
Nanei
2018-05-06 16:07:06
Атамбаев жонундо жазбай эле койгулачы,сураныч. Неужели не надоело за 6 лет???
0
zhykyo
2018-05-06 21:58:31
Жакшыны жакшы дейм,жакшыны кантип жаман дейм эгер ал жакшы болсо
0
Bekboloooot
2018-05-06 21:59:39
Ооба Атамбаевди жазбагылачы!

Аллергияны козгобой!
0
zheentaev
2018-05-07 14:05:12
Көп эле ызылдай бербегиле туугандар. Бир нерсени бүлүндүрүү оңой эле, ал эми аны түздөө кыйын жана көп убакытты талап кылаарын унутпагыла. Атамбаевдин 6 жылда сызга отургузган экономиканы Жээнбеков 6 айда көтөрө албайт. Убакыт керек.....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан