Бишкек-Ташкент автобус каттамы ишке кирди. Билет баасы 1000 сом

Бишкек-Ташкент эл аралык автобус каттамы жанданды. 5-май күнү алгачкы автобус Ташкенттен Бишкекти көздөй чыкты. Бул тууралуу "Кыргыз автобекет" мамлекеттик ишканасынан кабарлашты. Маалым болгондой, билеттин баасы чоң кишилер үчүн 1000 сом, 5 жаштан 12 жашка чейинки балдар үчүн 500 сом болсо, 5 жашка чейинки балдар акысыз жүрө алат. "Автобус 7-майдан тартып жергиликтүү убакыт боюнча күн сайын саат 22:00дө автобекеттен жөнөп кетет. Каттамды Кыргыз тараптан “Транс Союз-Азия”, Өзбекстан тараптан “Mironshox Grand Trans” фирмасы тейлемекчи", - деп билдиришти "Кыргыз автобекет" ишканасынан.

Бишкек-Ташкент, Ташкент-Бишкек-Балыкчы каттамын ачуу 2017-жылдын 13-14-декабрында эки өлкөнүн президенттеринин Өзбекстанда болгон жолугушуусунда кол коюлган келишимдерди өз убагында ишке ашырууну камсыз кылуу максатында ишке ашты.

Белгилей кетсек, Ташкент-Бишкек-Балыкчы багытындагы поезд каттамы 22-мартта ишке кирген. "Өзбек темир жолунун" жүргүнчүлөрдү ташыган поезди жумасына Кыргыз өлкөсүнө бир ирет каттайт. Билет баасы бир апта мурун алса плацкарт вагонго 2 миң 500 сом, купе вагонго 3 миң 378 сом, люкс вагонго 6 432 сомду түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
haydarkan
2018-05-06 17:24:05
Ошондон коро Бишкек Баткен катамын ачсанар болмок
+21
momun74
2018-05-06 17:54:12
haydarkan,Ош Бишкек жолуна автобуз туура келбейт болушу керек менимче
+13
bahabaike
2018-05-06 20:56:26
momun74,Ошондой бирок транзит кылып через Озбекстан ачып койсо укмуш болмок. Ал учун суйлошуш керек да бирок
+4
Muratmipa
2018-05-06 21:40:15
momun74,мурда Бишкектен через Узбекстан каттам бар болчу 300 сом эле
+1
kubinis.kg
2018-05-07 01:43:04
momun74,мурда биз Баткенге Бишкектен Ташкент аркылуу кетчу элек. Ошол каттамды кайра калыбына келтирип койсо жол жакын, жол кире арзан болмок
+2
momun74
2018-05-07 15:36:35
kubinis.kg,айтканынарга кошулам жол акы арзан бирок туугандар чек арадан кыйнап койобу деп ойлоймда анткени чек арадан атып кетип атсада биздин чондор креслосун кучактап отурушатда
0
Janna07
2018-05-06 18:27:43
haydarkan,чын
0
ilgiz-kg01
2018-05-06 17:59:46
Ооба туура Бишкек Баткен каттамын ачса кыргыз кырылып калбасын ачпаганы жакшы наборот степ вагонду жок кылыш керек
+5
altynbek_canto
2018-05-06 18:20:45
Ош-Бишкек темир жолу да каттаса жакшы болмок эле, ошону ишке киргизип бергилечи.
+12
momun74
2018-05-07 15:40:05
altynbek_canto,ошо темир жол ачылса жакшы болмок самалетко отурайын десен кымбат такси мн кетейин десен кырсык коп менда ошону колдомокмун ошонун айынан кичи мекеним Ошко бир жылдан откондо барам ал жака бул жака болгондо эки балам мн 12минден 15 минге чейин сарптайм билетке эле курук бара албайсын...
+1
senchi
2018-05-06 18:36:02
Бишкеке озбектер толот экенда эми
+16
toktor89
2018-05-06 18:45:16
боло берсин. ичин куйуп атабы? ташкентте кыргызда кобойде дебей эле турушат гоо? болунбо алар да мусулман!
+5
Husan
2018-05-06 19:29:34
toktor89,туура айтасыз,созунузго кошулам
+4
Ernic
2018-05-06 23:11:57
toktor89,Озбекстан 30 миллион биз 6 миллионбуз эми элестетип корсон.
-1
Mularamov
2018-05-06 19:11:08
деерлик 600 чакырым жол учун 1000 сом
коп эмеспи.
же булдагы бизнестин жаны турубу

-5
bond02
2018-05-06 19:16:33
ушул каттамдын бизге кыргыздарга кереги жок эле да.
+4
Nevestkaa
2018-05-06 20:42:55
Ош-Бишкек,Бишкек-Ош поезд каттамы керек бизге кыргыздарга.Степвагондо жүрүү кооптуу болууда,деге жеңил машинада жүрүү.
+7
tursunbaev78
2018-05-06 21:35:28
Ташкентке ким барат
+1
Begmat1992
2018-05-06 21:52:57
tursunbaev78,эс алып кыдырып келгени кыргыздар баратта ой Озбекстанда баар жок арзан малиле кыла алсан элида мейман дос Оштогу озбектер тажик алар озбек эмес
+6
aksy94
2018-05-06 21:56:43
Begmat1992,бизден Ташкентке эч ким барбайт озбектер Бишкекке келет бизге эч пайдасы жок озбектер пайда таппаса келишим тузбоойт
+3
Azatbek.Svoboda.
2018-05-07 01:51:53
Begmat1992,Таджикик эмес эле узбеклар.
+1
anonymous
2018-05-06 22:18:04
Кытай киргенден көрө өзбек кирсе жакшы го менимче Россия США Кытайдын көзүн карабай Орто азия кошуналар мамиле жакшы болсо өнүкмөкбүз
+5
Medinaa
2018-05-07 02:41:42
Ташкентти көрүп келсе болот бекен?
+1
bibi87
2018-05-07 04:57:15
Medinaa,албетте, мен Ташкенттемин, кайрылсанар болот
+3
bibi87
2018-05-07 04:45:19
Ачылганы жакшы болуптур, эки олконун ортосунда соода сатык иштери жакшы журуп баштайт, Мин сом болсо, баасы дагы жакшы, автобустар гана талапка жооп берсе жакшы. Ташкент Самарканд, Бухара, Хива, Хорезм деген шаарлары исторический мечиттерге, курулуштарга бай кооз шаарлар. Туристтерге конул буруп башташты, мурун закрытая страна болсо, эми андай эмес, 2жылдын ичинде асман мн жердей айырма бар деп жатышат оздору озбектер, эми жакынкы 5жылда вообще башкача болот деп жатышат.
+5
bibi87
2018-05-07 04:55:20
Самолёт мн да, поезд мн да Автобус мн да, такси мн да Ташкенттен Озбекстандын любой точкасына жетсен болот. Ташкенттен Самарканд мн Бухарага тез ылдамдыктагы Москвадан Питерге каттаган Сапсан деген поезд сыяктуу. Афросиаб деген поезди бар, 6сааттын ордуна 3саатта жетесин, ушул сыяктуу жетишкендиктерин коруп, бизде эмне учун ушундай жок дееееп ойлоносун, ещё былтыр Ташкент-Нью Йорк прямой авиарейс ачышты, а биз через Алматы, через Турция журобуз самсаалап
+4
salimbek87.kg
2018-05-07 07:01:55
Бул кабар жакшы. Бирок Лейлек-Бишкек через Ташкент ачып берсе жакшы болот эле ошондо 300км жакын болот эле бизге Бишкек.
+3
Ask094
2018-05-07 12:49:08
Бизге кереги жок мындай жолдун. Ман баштар булар озбектерге эле пайдасы бар жабыш керек границаны такыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан