ЖЫЛНААМА, 7-МАЙ: Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев 42 жашка толду

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев 1976-жылы 7-майда Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Чимген айылында туулган. Ал 2005-жылы Кыргыз Агрардык университетин аяктап, бухгалтердик эсеп жана аудит адистигине ээ болгон.

Эмгек жолун 1995-жылы Бишкек шаарындагы "Датка" жоопкерчилиги чектелген коомдо экспедитор, менеджер болуп иштөө менен баштаган.

- 1999-2000-жылдары "Торговый дом качества" жабык типтеги акционердик коомдо директордун орун басары;

- 2001-2003-жылдары Бишкек шаардык финансылык башкармалыктын ички аудит бөлүмүндө жетектөөчү адис;

- 2003-2007-жылдары Талас, Чүй облустары жана Бишкек шаары боюнча ички аудит бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

- 2012-2013-жылдары «КыргызНефтьПром» жоопкерчилиги чектелген коомунун аткаруучу директору;

- 2013-2014-жылдары "ГлавНефтеГаз" жабык акционердик коомунун генералдык директору;

- 2015-жылы "Республика-Ата Журт" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.

7-майга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан