Бүгүн, 7-майда Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Мраморное айылынын жанында жайгашкан "Бишкек" эркин экономикалык аймагынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт саат 02:30 чамасында чыккан. Алдын ала маалымат боюнча өрттөн жабыркагандар жок. Өрт "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын ичинде жайгашкан ангардан чыккандыгы аныкталганы айтылат. Жерине 4 бөлүм тартылып, саат 06:30 чамасында өрт толугу менен чектөөгө алынган.